Экономика жана коммерция министрлигинин бир катар кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты

Новости
07-Июнь 2022-ж.
1492

2022-жылдын 7-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинин кичи залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин катышуусунда министрликтин кызматкерлерине Ардак грамоталар, баалуу белектер жана ыраазычылыктар тапшырылды. 


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2022-жылдын 7-июнундагы тиешелүү буйругун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев билдирди.


А.Кожошев Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан жана жеке өзүнүн атынан кесиптештерин, республиканын бардык финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.


«Финансы системасы коомдун турмушунда фундаменталдуу роль ойнойт. Анын натыйжалуу иштешине экономиканын бардык тармактарынын туруктуу өнүгүүсү, социалдык программаларды ишке ашыруу, өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу көз каранды.


Бул башкы милдет жогорку кесипкөйлүктү, кынтыксыз адептүүлүктү жана чынчылдыкты талап кылат. Келечекте бул сапаттар өлкөнүн финансисттерин жана экономисттерин ар дайым айырмалап, анын бакубаттуулугун чыңдоого олуттуу салым кошот деп ишенем”, - деп баса белгиледи Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.


Ошондой эле бардык каржы-экономикалык чөйрөнүн кызматкерлерине максаттарына жетүү, жемиштүү жана ийгиликтүү иш, чың ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалады.


Андан ары сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.


Ак ниет эмгеги, Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланышты:


Амангелдиев Данияр Жолдошевич - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри;


Абдрахманов Канат Жаныбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары;


Абдекиров Алмаз Тынчтыкбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;


Айдаров Айбек Самудинович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Укуктук экспертиза башкармалыгынын начальниги.


Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүгө активдүү катышкандыгы жана кызматташуусу үчүн:

Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан баалуу белек менен төмөнкүлөр сыйланышты (энчилүү саат):


Бегматова Асель Абжалалбековна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин тышкы байланыштар башкармалыгынын начальниги;


Түмөнбаева Айгүл Анарбековна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Укуктук экспертиза башкармалыгынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн башчысы.


Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын атынан төмөнкүлөрго алкыш жарыяланды:


Абышов Залкарбек Нурыманович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Монополияга каршы саясат, атаандаштыкты өнүктүрүү жана баа түзүү башкармалыгынын бааларды талдоо секторунун башчысы;


Матаева Сезим Эсенбековна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;


Бекишева Айсулуу Бердикуловна - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин адам ресурстары башкармалыгынын башкы адиси.


Өз кезегинде Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев берилген сыйлыгы жана Министрлер Кабинетинин жогорку ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. 


Ал ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошевди «Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 1-даражадагы “Эмгек сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен менен сыйлады. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу