Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү

Новости
07-Июнь 2022-ж.
1540

2022-жылдын 7-июнунда Экономика жана коммерция министрлигинин чоң жыйындар залында Кыргызстандын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.


Министр Данияр Амангелдиев Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин атынан жана жеке өзүнүн атынан ардактуу кызматкерлерди, экономика жана финансы тармагынын ардагерлерин, кесиптештерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.


Анын айтымында, бул майрам экономиканын бардык тармактарынын, илимий жана билим берүү мекемелеринин каржы-экономикалык кызматкерлеринин өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымынын маанисин белгилөө максатында белгиленүүдө.


Финансы-экономикалык система экономиканын эң татаал жана ошол эле учурда негизги тармактарынын бири болуп саналат жана биздин бүткүл өлкөбүздүн бакубаттуулугу анын ийгиликтүү иштешинен көз каранды.


Дүйнө өзүнүн өнүгүүсүнүн татаал этабын башынан өткөрүп жатат. Кыргызстанда мамлекеттик органдар да реформаланып, ички жана эл аралык долбоорлор ишке ашырылууда. Акыркы негизги өзгөртүүлөрдүн бири мамлекеттик кызматкерлердин, анын ичинде мугалимдердин, дарыгерлердин айлык акысын жогорулатуу болду.


Эми аткарылган иштерге көз салып, өлкө чындап эле план боюнча иш жүргүзүп жатканын белгилей аласыз. Ошентип, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу бизнестин чындап форматташып, ачык жана айкын иштей баштаганынан кабар берет. Инвесторлор үчүн шарттар түзүлүп, бюрократиялык чыгымдар кыскарууда. Финансы-экономикалык секторлордогу өзгөрүүлөр жыл башында экономиканын өсүшүнө алып келди.


Бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикасынын алдында биз ырааттуу жана натыйжалуу чечүүгө тийиш болгон маанилүү милдеттер турат. Ушуга байланыштуу Министрлер Кабинетинин негизги милдеттеринин бири кризистик көрүнүштөрдүн таасирин алдын алуу жана минималдаштыруу болуп саналат. Мамлекеттик саясат ишкердик үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, салыктык башкарууну, салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштырууну андан ары өркүндөтүү аркылуу бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталат.


Азыркы дүйнөнүн, кризистин жана акыркы жылдардагы өнүгүүнүн казыктары болгон башка процесстердин шарттарында андан чыгуунун жолдорун издеп, реалдуулукка ыңгайлашуу зарыл.


Өлкөнүн өнүгүшү көптөгөн факторлордон, анын ичинде жарандардын аң-сезиминен, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигинен, бизнестин ишмердүүлүгүнөн, коомдун кызыкчылыгын коргоодон көз каранды. Бул процесстердин байланыштыруучу звеносу – бул биздин жакшы координацияланган жана жемиштүү ишибиз, демилгебиз жана патриотизмибиз өлкөдө жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалардын ийгилигинен, ошондой эле экономиканын глобалдык чакырыктарга туруктуулугун бекемдөөдөн көз каранды», - деди министр. 

Ал ошондой эле финансы-экономика тармагында чынчыл жана жоопкерчиликтүү, жогорку квалификациялуу, стратегиялык ой жүгүрткөн жана аналитикалык акыл-эстүү адамдар иштешерин белгиледи. «Сиздер биздин кыймылдаткыч күчүбүз, өлкөнүн ийгиликтүү экономикалык өнүгүүсүнүн эбегейсиз зор потенциалы болуп саналасыздар», - деп баса белгиледи министр.


Финансы-экономикалык чөйрөнүн бардык кызматкерлерине чың ден соолук, бакыт-таалай, тынчтык, туруктуулук жана оор, бирок жаратман иштеринде чоң ийгиликтерди каалады.


Өлкөнүн башка мамлекеттик органдарынын жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ардактуу экономисттер жана ардагерлер: бакубатчылык, кесиптик ийгиликтерди, мамлекеттин каржы-экономикалык тутумунун туруктуулугун жана чыңдалышын Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри, Кыргыз Республикасынын экс Премьер-министри – Амангелди Муралиев; КР экс-Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри – Сабырбек Молдокулов чын жүрөктөн каалашты.


«Кыргызиндустрия», «Кыргызалтын» ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов министрликтеги кесиптештерин жана өлкөнүн бардык финансы-экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, бардык кызматкерлерге бакыт-таалай, бакубатчылык, ийгиликтерди жана финансы-экономикалык тармакта жогорку жетишкендиктерди каалады. 


Андан соң сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.


Үзгүлтүксүз мыкты иштегендиги, кесипкөйлүгү, кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин 1-даражадагы «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы жана "Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү" кесиптик майрамы менен төмөнкүлөр сыйланды:


Муралиев Амангелди Мурсадыкович - Кыргыз Республикасынын мурдагы Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министри;

Молдокулов Сабырбек Айдарканович - Кыргыз Республикасынын экс-Экономикалык өнүктүрүү жана соода министри.


Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн жана «Каржы кызматкерлеринин күнүнө» карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин «Экономиканын отличниги» төш белгиси менен төмөнкүлөр сыйланды:


Абдураимов Жарасул Осмоналиевич - «Кыргызиндустрия» АКнын президенти;

Сарбанов Улан Кытайбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы;

Мамытов Замирбек Качкынович - Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча башкармалыгынын начальниги;


Үзгүлтүксүз мыкты иштегендиги, кесипкөйлүгү, кызматтык ишмердүүлүгүндө жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги, экономиканы өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин III даражадагы «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы менен булар сыйланды:


Кайырбеков Алмаз Дамирбекович - Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Халал индустриясын өнүктүрүү борбору» мамлекеттик мекемесинин директору;


Кызматташтыкты чыңдоого кошкон жеке салымы жана экономика чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жигердүү катышкандыгы үчүн жана “Финансы кызматкерлеринин күнүнө” карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин “Кызматташтык үчүн” медалы менен булар сыйланды:


Алиев Бекболот Абдыганиевич - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Байтереков Усенбек Абдыракманович - Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын инспектору;

Омуралиев Эрмек Социалович - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин алтынчы саясий департаментинин директору;


Республиканын экономикасын өнүктүрүүгө жигердүү катышкандыгы үчүн жана «Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Ардак грамотасы менен булар сыйланды:

Алимов Орозбек Сатыбалдиевич - «Бишкек айнек компаниясы» ЖЧКсынын башкы директору;

Кудяков Олег Амирович - Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасынын орун басары;


Ак ниет эмгеги үчүн жана «Кыргыз Республикасынын Финансы-экономика кызматкерлеринин күнү» кесиптик майрамына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин ыраазычылык каты менен төмөнкүлөр сыйланды:


Бекжанов Санжар Талантбекович - программалык камсыздоо инженери.

Исраилов Өмүрбек Исраилович – Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актёру.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу