Экономика жана коммерция министрлигинде JICAнын “Бир айыл – бир продукт” долбоорунун тажрыйбасы менен алмашуу максатында Казакстандан келген өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Новости
06-Июнь 2022-ж.
1514

2022-жылдын 6-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинде JICA (Япония) «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун өкүлдөрү жана тажрыйба алмашуу максатында Казакстандан келген өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.


КР ЭКМгинин Аймактар аралык башкармалыгы JICA «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун координатору болуп саналат.


Ошентип, ААБнын жетекчиси Улан Сопукеев катышуучуларга бул долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди.


Тактап айтканда, “Бир айыл – бир продукт” долбоору 2007-жылдан бери (15 жылдан ашык) Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан ишке ашырылып келет.

Бул долбоорду ишке ашыруу Ысык-Көл облусунан башталып, учурда долбоордун 3-фазасы ишке ашырылууда жана Ысык-Көл модели республиканын бардык аймактарына жайылтылууда.


Долбоордун негизги иш-аракети жергиликтүү жамааттардын туруктуу ишине өзгөчө көңүл буруу, рентабелдүү БАБП продукциясын өндүрүүнү көбөйтүү, алардын сапатын жакшыртуу жана туруктуу бизнести түзүүгө өзгөчө көңүл буруу менен БАБП ыкмасы аркылуу чакан бизнести илгерилетүүнүн туруктуу моделин жайылтууга багытталган өзүн-өзү камсыз кылуу системасы болуп саналат.


Учурда БАБП продукциялары Япония, Россия, Кытай, Европа өлкөлөрүнө (кийизден жасалган буюмдар, бал) экспорттолуп, Японияга балды экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.


2021-жылы жалпы сатуунун 46% экспорттолуп, ички рынокто сатуулар 54%  түзгөн.


ЭКМ тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин аймактардагы өкүлчүлүктөрү менен бирдикте БАБП платформалары түзүлдү, анда продукциянын сапаты бааланат жана ар бир аймактын товардык белгилери ыйгарылат.


Жер-жерлерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары долбоор менен биргеликте жергиликтүү калкты мобилизациялоого активдүү катышууда. Өз кезегинде министрлик өлкөнүн бардык аймактарында БАБП ыкмасын жайылтуу боюнча бардык чараларды көрдү. Мындан тышкары, БАБП ыкмасы Аймакткарды өнүктүрүү улуттук планына киргизилген.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу