Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары БУУнун жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы менен жолугушту

Новости
02-Июнь 2022-ж.
1819

КР Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов БУУнун өзгөчө жакырчылык жана адам укуктары боюнча атайын баяндамачысы Оливье Де Шутер менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө коронавирустук инфекцияга байланыштуу кырдаалдын Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасири жана жакырчылыктын деңгээли сыяктуу маселелер талкууланды.


Белгиленгендей, экономикалык кризис элдин бакубаттуулугуна жана сатып алуу жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизди. Тейлөө тармагында иштеген, күнүмдүк тиричилик менен жашаган, кичи жана орто бизнесте иштеген адамдарга биринчилерден болуп сокку урулган.


Үстүбүздөгү жылы көрүлгөн оперативдүү иш-чаралардын жана Өлкөнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун натыйжасында экономикалык жигердүүлүктү акырындык менен калыбына келтирүү процесси жүрүп жатат жана 2022-жылдын январь-апрель айларында экономиканын 105,4%га оң өсүш темпи байкалды.


Ошону менен бирге мамлекеттин социалдык саясаты жеңилдиктер жана тарифтер менен эле чектелбестиги айтылды. Мамлекет Кыргызстандын аймактарында жакырчылыктан чыгуунун жаңы моделин – келишим түзүү жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке бизнесин ачуу үчүн каражат бөлүү аркылуу киргизе баштады. Мунун баары пилоттук долбоор режиминде болуп жатат.


Жолугушууда эмгек жана иш менен камсыз кылуу, жакырчылык жана миграция, коррупцияга каршы күрөш ж.б. сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча ар кандай стратегиялык документтерди иштеп чыгууда жана ишке ашырууда эксперттик колдоонун зарылдыгы сыяктуу маселелер да талкууланды.


Ошондой эле креативдүү экономика сыяктуу тармактар талкууланды.


Креативдүү экономиканы өнүктүрүүнүн аркасында Кыргызстан ири өнүккөн мамлекеттер менен теңата атаандаша алат, ошондой эле дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү технологиялык жана креативдүү чечимдерди иштеп чыга алат.


Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар жакырчылыкты кыскартуу боюнча мындан аркы аракеттерди көрүү зарылдыгын белгилешти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу