Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери “Кыргыз таануу” темасындагы лекцияны угушту

Новости
31-Май 2022-ж.
1707

2022-жылдын 31-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин Кадрлар башкармалыгы тарабынан “Кыргыз таануу” темасында обзордук лекция уюштурулду.


Лекцияны “Бакдөөлөт” коомдук фондунун президенти Мелис Мураталиев окуду.


Бул иш-чара кызматкерлерди руханий-адептик жактан өнүктүрүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адептик жактан өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында уюштурулган. ички саясаттын маанилүү багыты - жогорку адеп-ахлак нормаларын, каада-салттарды, салттуу үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктарды, сергек жашоо образын өздөштүрүү аркылуу жарандарды тарбиялоо, жалпы адамзаттык баалуулуктар системасы менен тааныштыруу, Кыргызстан элдеринин  маданияттарынын байлыгын, оригиналдуулугун жана биримдигин чагылдырат. 


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги «Бакдөөлөт» коомдук фондуна ыраазычылык билдирет жана мындан аркы кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу