БАЭ экономика министри Бишкекке жумушчу иш сапары менен келди

Новости
31-Май 2022-ж.
1871

2022-жылдын 31-майында Бишкекке жумушчу иш сапар менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) экономика министри Абдулла бин Таук Аль-Мари баштаган делегация курамында БАЭ Өнөр жай соода палатасынын федерациясы жана БАЭ бизнесмендери менен келишти.


“Манас” эл аралык аэропортунан аны Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын БАЭдеги элчиси А.Жумабаев жана БАЭнин Кыргыз Республикасындагы элчиси Мохаммед Саед Аль Арики тосуп алышты.


2022-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев менен БАЭнин Экономика министринин«1+7» форматында «Ала-Арча №1» мамлекеттик резиденциясында  (анын ичинде Соода-өнөр жай палатасы Федерациясынын делегациясы жана БАЭ ишкерлери) жолугушуусу болот. 


1-июнда Бишкекте өтө турган Кыргыз-Эмират бизнес форумуна БАЭнин экономика министри да катышат.


Кыргыз-эмират бизнес-форумунда БАЭ жана Кыргыз Республикасынын авиация, энергетика, соода, инвестиция жана өнөр жай сыяктуу секторлордогу алдыңкы компаниялары катышат.


Сапардын алкагында БАЭнин Экономика министри Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу