Республиканын түндүк аймактарында да аялдардын ишкердиги боюнча маалымат кербени өткөрүлдү

Новости
27-Май 2022-ж.
1632

Үстүбүздөгү жылдын 23-26-май күндөрү Токмок, Кара-Балта, Талас шаарларында «Ишкер айымдар – айылдан ааламга!» маалымат кербенинин алкагында 400дөн ашык аялдардын катышуусунда семинарлар өткөрүлдү.


Бир катар семинарлар 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана илгерилетүү, аймактардагы аялдардын потенциалын жогорулатууга багытталган.


Иш-чаранын программасында 2022-2026-жылдарга чейин аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа боюнча презентациялар; аны ишке ашыруу боюнча кадамдар жана мамлекет тарабынан колдоо, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, кирешени жана финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жаатында адистерди жана эксперттерди сунуштоо камтылган.


Эскерте кетсек, мындай кербен буга чейин Ош, Жалал-Абад, Баткен, Алай, Чоң-Алай, Нарын, Каракол, Балыкчы шаарларында жана облус борборлорунда 1000ден ашуун ишкер айымдардын катышуусунда өткөн.


Уюштуруучулар: Экономика жана коммерция министрлиги «Курак» аялдар форуму коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ПРООНдун «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун колдоосунда Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган "Бизнестеги аялдар" ЕРӨБ Кыргыз Республикасындагы программасы. We-Fi жана Швейцариянын Өкмөтү, Accelerate Prosperity, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык бизнес акселератору, Евробиримдиктин жана Ага Хан Фондунун AP Asia долбоорунун алкагында, USAID, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк Банктын кеңсеси, Аймактык “Аялдардын Ишкердик Күн тартиби” программасы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу