Алдыда боло турган Өнөр жай боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин Кеңеши жөнүндө

Новости
27-Май 2022-ж.
1678

2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө министр А.Камалян Евразиялык экономикалык форумдун жогорку деңгээлде өтүшүнө, министрликтин панелдик талкууларга активдүү катышуусуна ыраазычылык билдирип, алгылыктуу пикирлер айтылды. Ошону менен бирге ал өткөн жылы Өзбекстан Республикасынын Ташкент шаарынын Иннопромунда өнөр жай боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кеңеши болгонун  айтты. Быйыл төрагалык Кыргыз Республикасына өтүп, Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Иннопромдо өтүшү күтүлүүдө.


Ал ошондой эле Бирликтин алкагында өнөр жай, айыл чарба чөйрөсүндө мындан аркы өз ара аракеттенүү, өз ара пайдалуу негизде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын өнөктөштөрү менен конструктивдүү диалогду улантууга жана Күн тартибин талкуулоого даяр экендигине ишендирди.


Өз кезегинде министр Д.Амангелдиев ЕАЭБ алкагында өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси жаатындагы жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, жемиштүү жана өз ара пайдалуу кызматташууга ишеним билдирди.


Ал ошондой эле негизги артыкчылыктар катары өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарында кооперацияны жогорулатуу, мейкиндикти өнүктүрүүнү болжолдоо системасын иштеп чыгуу жана импортту алмаштыруучу биргелешкен долбоорлорду жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу зарылдыгын белгиледи.


Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүүнү стимулдаштыруунун мүмкүн болгон евразиялык механизмдеринин бири болуп ЕАЭБде өнөр жай кооперациясын каржылоого багытталган иштеп жаткан финансылык институттардын мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын максималдуу пайдалануу саналат.


Бул багытта жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат жана биз ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өнөр жай товарларына карата өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын шарттарын биргелешип иштеп чыгууга даярбыз,- деди министр Д.Амангелдиев.


Жалпысынан Тараптар мүчө мамлекеттердин экономикалык кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү максатында ЕАЭБде кызматташуу чынжырларын каржылоо мүмкүнчүлүктөрүн иштеп чыгууга макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу