ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин башчыларынын кезектеги жыйынынын күн тартибин талкуулады

Новости
27-Май 2022-ж.
1937

2022-жылдын 27-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Евразия экономикалык комиссиясынын Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр) Сергей Глазьевдин жолугушуусу өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө С.Глазьев Евразия экономикалык форумунун жогорку деңгээлде уюштурулушу жана министрликтин Евразия экономикалык биримдигинин консультациялык-кеңеш берүүчү органдарынын ишине активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.


Ошондой эле жыйында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2022-жылдын 21-22-июнунда Брест шаарында (Беларусь Республикасы) өтө турган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономика министрлеринин кезектеги жыйынынын күн тартиби талкууланды.


Бул кеңешменин күн тартибинде мүчө мамлекеттердин региондорунун иштеп жаткан өнүктүрүү институттарынын алкагындагы экономикасын кармап туруу үчүн шарттуу максаттуу каржылоонун механизми жана   ЕАЭБдин стратегиялык пландаштыруу системасын түзүү маселелерин кароо пландаштырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу