Кыргыз Республикасы ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана кызматташуу боюнча кызматташууга даяр

Новости
26-Май 2022-ж.
1586

2022-жылдын 26-майында Бишкекте (Orion Hotel) Евразия экономикалык форуму-22нин алкагында “Өнөр жай кооперациясынын негизги багыттары, негизги тенденциялар, ишке ашыруу инструменттери, чакырыктар жана тобокелдиктер” деген темада талкуу панели болуп өттү.


Модератор болуп Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Сергей Катырин сөз сүйлөдү, ал реалдуу сектордогу интеграция ЕАЭБ өлкөлөрүнө экономикалык өсүштүн жаңы траекториясына чыгууга, акыркы мезгилде анын негизги кыймылдаткычы болууга мүмкүндүк бергендигин белгиледи. 


КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Вероника Исаева белгилегендей, биргелешкен гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууда туруктуу өндүрүштү калыптандыруу чоң роль ойнойт. Бизде региондун экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл керектөө продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүдө өлкөлөрдүн күч-аракетин бириктирүү мүмкүнчүлүгү бар, бул тышкы факторлордун тобокелдиктерин азайтат. Бул чоң потенциалы бар туруктуу аймактык рынокту түзүүгө мүмкүндүк берет.


Учурда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана импортту алмаштыруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ЕАЭБдин индустриялаштыруу картасы боюнча көп иштер аткарылууда. ЕАЭБдин индустриялаштыруу картасында камтылган маалыматтардын негизинде союздаш өлкөлөрдүн өндүрүштүк кубаттуулуктарын өнүктүрүү боюнча сунуштар даярдалат. 


Документ импортту алмаштыруу боюнча иштерди комплекстүү уюштурууга, бул жааттагы улуттук пландарды айкалыштырууга, биргелешкен программаларды жана долбоорлорду иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, өндүрүшчүлөр ортосунда тармактар аралык байланыштарды түзүүгө, өлкөлөрдө бар болгон компетенцияларды натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет, - деп министрдин орун басары  белгиледи.


Министрдин орун басары ошондой эле Кыргыз Республикасынын өнөр жай өндүрүшүн көбөйтүү потенциалы бар экенин, ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен биргелешкен ишканаларды түзүү жана продукциянын көп түрлөрүн импортту алмаштырууну камсыздоо боюнча кызматташууга ачык жана даяр экендигин айтты. Ал эми мындай аянтчалар өз ара пайдалуу мамилелерди мындан ары чыңдоого жана өнүктүрүүгө өбөлгө болот, - дейт В.Исаева.


Бул талкуу аянтчасында башка спикерлер да болд .


Белгилей кетсек, биринчи Евразиялык экономикалык форумдун негизги темасы: “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр» деп аталат.


Маалымат катары:

Буга чейин бул иш-чара бир катар себептерден улам эки жолу жылдырылган (2020-жылы Беларуста жана 2021-жылы Казакстанда).

Форумга Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин жана үчүнчү өлкөлөрдүн мамлекеттик бийлик органдарынын, ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык, илимий жана билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу