“Ак-Тилек”, “Карасу” өткөрүү пункттарында кыргыз-казак МТЛКнын курулушуна капсула салуу аземи болуп, инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол коюлду

Новости
26-Май 2022-ж.
1755

2022-жылдын 26-майында Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин Бишкекке расмий сапарынын алкагында кыргыз-казак өнөр жай, соода жана логистикалык комплексинин курулушуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары А.Кожошев жана Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Б. Султановдун катышуусунда капсула салуу аземи болуп өттү.


Кыргызстан менен Казакстандын мамлекет башчыларынын катышуусунда Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев менен Казакстан Республикасынын вице-премьер-министри – соода жана интеграция министри Б.Султановдун «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Карасу» жана «Ак-Тилек» автожол постторунун аймагындагы өнөр жай соода-логистикалык комплексинин инфраструктурасына  инвестиция тартуу боюнча меморандумга кол коюлду. 


Бул иш-чара Казакстан Республикасынын Президенти К.Токаевдин 2019-жылдын 27-ноябрындагы Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы жана  Кыргыз Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык кеңешинин 5-жыйыны, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Казакстан Республикасына иш сапарынын алкагында Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 9-жыйынынын протоколу боюнча мамлекет башчыларынын макулдашууларын ишке ашыруу максатында өткөрүлүүдө. 


ИТЛК курулушу ЕАЭБ жана башка мамлекеттердин рынокторуна чыгууга, Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, продукциянын экспортун көбөйтүүгө, дүйнөлүк рыноктордо өлкөлөрдүн рыноктук үлүшүн кеңейтүүгө, өнөр жай кооперациясын камсыздоого, жаңы жумуш орундарын түзүү, экологиялык жактан таза өндүрүштү түзүү, өндүрүштү жана сатууну башкаруунун заманбап технологияларын киргизүүгө мүмкүндүк берет.


Кошумчалай кетсек, ИТЛКны түзүү дүйнөлүк нарк чынжырына комплекстин өнөктөштөрүнүн жана өндүрүүчүлөрүнүн катышуусун жеңилдетет.


ИТЛК Бишкек шаарынан 31 км алыстыкта, «Ак-Тилек» жана «Карасу» өткөрмө пункттарында жайгашат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу