"Ишкер айымдар - Айылдан ааламга" маалымат кербени республиканын түндүк аймактарында өтөт

Новости
21-Май 2022-ж.
1776

Үстүбүздөгү жылдын 16-майынан 20-майына чейин Нарын, Каракол жана Балыкчы шаарларында “Ишкер айымдар – айылдан ааламга” маалымат кербенинин алкагында 300дөн ашык кыз-келиндердин катышуусунда семинарлар өткөрүлдү.


Уюштуруучулар: Экономика жана коммерция министрлиги менен өнөктөштүктө ПРООНдун «Борбордук Азияда сооданы жеңилдетүү» долбоорунун колдоосунда Финляндия Өкмөтү тарабынан каржыланган «Курак» аялдар форуму коомдук бирикмеси, ЕРӨБ Кыргыз Республикасындагы "Бизнестеги аялдар" программасы, We-Fi жана Швейцариянын Өкмөтүнүн Кыргызстандагы инвестициялык бизнес акселератору, Европа Биримдигинин жана USAID жана Ага Хан Фондунун AP Asia долбоорунун алкагында Дүйнөлүк Банктын Кыргыз Республикасындагы кеңсеси, «Аялдардын ишкердигинин күн тартиби» Регионалдык программасы.


Бир катар семинарлар 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана илгерилетүү, аймактардагы аялдардын потенциалын жогорулатууга багытталган.


Семинарлардын алкагында жогоруда аталган мамлекеттик программа, аны ишке ашыруунун механизмдери жана мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү тууралуу презентациялар окулуп, ошондой эле бизнести өнүктүрүү, кирешени жогорулатуу жана финансылык сабаттуулук боюнча адистердин жана эксперттердин баяндамалары угулду.


Ошондой эле, бул кербен сапарын төмөнкү шаарларда улантат: Токмок – 23-май; Кара-Балта-24-май, Кант жана Талас-26-май.


Буга чейин ушундай эле кербен Кыргызстандын түштүгүндө ушул жылдын март айында Ош, Жалал-Абад, Баткен, Алай, Чоң-Алай шаарларында жана облус борборлорунда өткөн. Иш-чараларга 800дөн ашык аялдар катышууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу