М.Рыскулбеков атындагы КЭУ 2021-жылдагы КМШ сыйлыгынын сынагынын дипломанты болуп калды.

Новости
20-Май 2022-ж.
1828


КМШ Экономикалык кеңешинин “Продукциянын жана тейлөөнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2021-жылдагы сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө” чечимине ылайык, сынактын жеңүүчүлөрү жана дипломанттары аныкталды.


М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университети Продукциянын жана тейлөөнүн сапаты жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШнын 2021-жылдагы сыйлыгына сынактын «250гө чейин кызматкерлери бар кызматтар» номинациясында Дипломдун ээси болду.


КЭУну татыктуу сыйлыгы менен куттуктайбыз. Сиздерге мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди жана республиканын өнүгүшүнүн жыргалчылыгы үчүн жетишкендиктерди каалайбыз.


КМШ Экономикалык кеңешинин чечими 2022-жылдын 18-мартында кабыл алынган.

Жогорудагы сыйлыкка сынак КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы чечимине ылайык түзүлгөн.


Продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты чөйрөсүндөгү жетишкендиктер үчүн КМШ сыйлыгына сынак төмөнкү максаттарда өткөрүлөт:

- КМШга мүчө мамлекеттер өндүргөн продукциянын же кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу;

- КМШга мүчө мамлекеттердин уюмдарынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу;

- КМШга мүчө мамлекеттерде жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүүнү же сапаттуу кызмат көрсөтүүнү стимулдаштыруу жана сапатты башкаруунун жогорку натыйжалуу ыкмаларын киргизүү.


КМШ сыйлыгына катышуу уюмдарга өзүн-өзү баалоо жана ишмердикти жакшыртуу, сапат маданиятын жогорулатуу, продукциянын сапатын, уюмдардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу аркылуу жакшыртуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет.


Сыйлык үчүн сынактын лауреаттары жана дипломанттары Сыйлык ыйгарылгандан кийин 3 жылдын ичинде Сыйлыктын эмблемасын жарнамалык максаттарда пайдаланууга укуктуу.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу