КР ЭКМ базарлардагы кассалык машиналарды жокко чыгаруу маселесин карап жатат.

Новости
18-Май 2022-ж.
1572

Жумушчу топ базарларда контролдук-кассалык машиналарды (ККМ) колдонбоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу 2022-жылдын 18-майында “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин салык саясаты башкармалыгынын башчысы Кубанычбек Ысабекова билдирди.


Анын айтымында, министрлер кабинетинин токтомунун графигине ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-августунан тарта базарлар ККМди колдоно башташы керек.


«Биз базарлардын өкүлдөрү менен жолугуштук, Жумушчу топ түзүлдү, учурда анын ишинин алкагында базарларга өзүнчө атайын салык салуу маселеси каралууда.


Бул Жумушчу топтун жыйынтыгы боюнча маалымат берилет, бирок өзүнчө атайын салык режимин иштеп чыгууда базарлар тарабынан ККМди колдонбоо маселеси да каралат. Бирок азырынча эч кандай чечим жок жана макулдашылгандан кийин тиешелүү маалыматты беребиз», - деп кошумчалады К.Ысабеков.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу