ЭКМ башчысы ЭВФ миссиясы менен жолугушууда экономикадагы акыркы өзгөрүүлөрдү жана келечекти талкуулады

Новости
18-Май 2022-ж.
1616

2022-жылдын 18-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) миссиясынын жетекчиси жана ЭВФтин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн Туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушту.


Жыйында экономикадагы акыркы өзгөрүүлөрдүн маселелери жана Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүү келечеги талкууланды.


Министр 2021-жылдын жана 2022-жылдын 4 айынын жыйынтыгына, экономикадагы учурдагы абалга жана терс тышкы таасирлердин Кыргыз Республикасынын экономикасына тийгизген таасирин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чараларга кыскача токтолду, ошондой эле өкүлчүлүктүн суроолоруна жооп берди.


Өз кезегинде Николоз Гигинеишвили берилген маалымат үчүн ыраазычылык билдирип, бул миссия карап чыгуу миссиясы экендигин жана максаттары аналитикалык материалдарды даярдоо үчүн зарыл маалыматтарды чогултуу, ошондой эле Келишимдин IV беренесинин алкагында мындан аркы консультацияларды өткөрүү экенин белгиледи. 


Ошондой эле, өкүлчүлүктүн башчысы министрликке керектүү техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу