ЭКМде Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаалдын маселелери талкууланды

Новости
16-Май 2022-ж.
1682

2022-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Борбордук жана Батыш Азиядагы мамлекеттик башкаруу, финансы сектору жана соода боюнча директору Тарик Ниязинин жолугушуусу болуп өттү.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен АӨБ ортосундагы кызматташуу маселелери, ошондой эле учурдагы макроэкономикалык кырдаалдын маселелери талкууланды. Министр Д.Амангелдиев Т.Ниязиге министрликтин ишмердүүлүгү, атап айтканда, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (МЖӨ) өнүктүрүү, фискалдык саясатты реформалоо жана инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча маалымат берди.


Өз кезегинде Т.Ниязи дүйнөдөгү кризистик кырдаалга байланыштуу кризиске каршы чараларды каржылоо боюнча АӨБнын техникалык жардамын бекитүү жана Экономиканы диверсификациялоо программасынын 3-подпрограммасын ишке ашыруу боюнча маалымат берди. Ал ошондой эле МЖӨ өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул жаатта министрлик менен АӨБ адистеринин ортосундагы кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну активдештирүүнү сунуштады.


Ошону менен бирге Ниязи мырза кыргыз тарапты Халал индустриясын өнүктүрүү жана Ишкерлерди тейлөө борборунун түзүлүшү менен куттуктады.


Жолугушуунун жыйынтыгында Экономиканы диверсификациялоо программасын мындан ары илгерилетүү жана электрондук коммерция, аялдардын ишкердигин колдоо, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү сыяктуу долбоорлорду кароо боюнча макулдашууларга жетишилди.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттыруу, жаңы биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу