КР ЭКМ башчысы Түркиянын Казына жана каржы министри жана Венгриянын Каржы министри менен жолугушууларды өткөрдү.

Новости
12-Май 2022-ж.
1922

2022-жылдын 11-майында Министр Данияр Амангелдиев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (мындан ары - ЕРӨБ) Башкаруучулар кеңешинин отуз биринчи жылдык жыйынына катышуунун алкагында Түркия Республикасынын Казына жана каржы министри Нуреддин Небати менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Түркия Республикасы менен соода, инвестиция, ишкердик жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана активдештирүүгө өзгөчө маани берери айтылды.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын, аларды кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссиянын ишмердүүлүгүн талкуулашты.


Ошондой эле өлкөлөр ортосундагы ишенимди чыңдоого, Кыргыз Республикасынын экономикасынын бүтүндөй тармактарын өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды киргизүү үчүн экономикалык инструменттерди түзүүгө жардам бере турган Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселелери каралды.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз-түрк мамилелери келечекте прогрессивдүү жана жемиштүү өнүгүүгө ээ болоруна ишеним билдиришти.


Ошону менен бирге КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев Венгриянын делегациясынын башчысы – Каржы министри Михай Варга менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Венгрияны тарыхый байланыштырган соода-экономикалык, социалдык жана маданий мамилелерди сактоого жана тереңдетүүгө өзгөчө маани берип, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.


Министр Д.Амангелдиев ВКӨФнун коллегиясы тарабынан аткарылган иштер, тактап айтканда, Фонддун негизги ченемдик-укуктук ички документтерин макулдашуу жана бекитүү процессинин аяктагандыгы, электр станциялары тармагында бүгүнкү күндө артыкчылыктуу биргелешкен долбоорлорду аныктоо, ошондой эле  лизинг, венгриялык технологияларды тартуу жана суу менен камсыздоо секторунда, аквакультурада, мал чарбачылыгындагы тажрыйбасы тууралуу маалымат берди.


Өз кезегинде М.Варга Венгриянын Европа Биримдигине мүчөлүгүн эске алуу менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даярдыгын белгиледи, бул ишкердик кызматташууну, биргелешкен ишканалардын кызматташуусун бекемдөө аркылуу мамилелерди тереңдетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачат, бул келечекте биргелешкен экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кыйла кеңейтет.


Буга байланыштуу Тараптар венгриялык WizzAir авиакомпаниясы тарабынан Будапешт-Бишкек-Будапешт багыты боюнча алдыдагы түз авиакаттамды ачуунун позитивдүү тенденциясын белгилешти, бул аймактык тоскоолдуктарды жоюуга гана эмес, өз ара пайдалуу кызматташтыктын инвестициялык жана туристтик потенциалын андан ары өнүктүрүүгө да салым кошот.

Мындан тышкары, М.Варга Венгриянын өкмөтү тарабынан экономиканы өнүктүрүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, чет элдик жумушчу күчкө болгон муктаждыкты жогорулатуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. 


Буга байланыштуу ал Кыргызстандан келген студенттер жана эмгек мигранттары үчүн квоталарды көбөйтүү аркылуу билим берүү жана эмгек рыногу жаатында эки тараптуу кызматташууну арттыруу зарылдыгын белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу