Евразиялык экономикалык форумга каттоо ачык

Новости
10-Май 2022-ж.
2021

2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт. Форумдун негизги темасы “Дүйнөлүк өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүк үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр».


Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБтин жыл сайын өтүүчү экономикалык чөйрөдөгү бизнес-иш-чарасы, ЕАЭБ мамлекетинде Биримдиктин органдарына төрагалык кылуучу, быйыл Кыргыз Республикасы болуп саналат.


Форумдун тематикалык сессияларынын катышуучуларын каттоо https://forum.eaeunion.org/Евразия экономикалык форумунун расмий сайтында ачык.


Иш-чарага мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана үчүнчү өлкөлөрдүн ири, орто жана чакан бизнесинин жетекчилери, Биримдиктин алкагында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышат.


Форумдун программасына ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жана ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын катышуусу менен пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик талкуулар кирет:

- «Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорунда евразиялык интеграциянын стратегиялык өнүгүү келечеги»;

- «Финансы рыноктору жана өнүктүрүү институттары: макроэкономикалык туруктуулуктун мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалары үчүн өсүү чекиттери»;

- «Өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси Биримдиктин экономикалык өсүшүнүн кыймылдаткычтары жана экономикалык коопсуздукту камсыздоо катары»;

- «Экономикалык өнүгүүгө жана интеграцияга көмөктөшүү үчүн энергетикалык жана транспорттук инфраструктура»;

- «ЕАЭБ 2.0 санариптик күн тартиби»;

- «ЕАЭБде өз ара аракеттенүүнүн жаңы багыттары».


Мындан тышкары, «Орион» мейманканасынын маңдайында ЕАЭБ мамлекеттеринин агроөнөр жайынын мыкты товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда.


Форумга катышуу бекер.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу