КР Экономика жана коммерция министрлиги менен Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин жетекчилери электр станциялары, суу чарбасы тармагындагы биргелешкен ишканалардын долбоорлорун талкуулашты

Новости
04-Май 2022-ж.
1673


2022-жылдын 3-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев менен Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сияртонун жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуу Венгриянын министри П.Сийяртонун Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында өттү.


Министр Д.Амангелдиев куттуктоо сөзүндө министр П.Сийяртону жана венгер элин 2022-жылдын 3-майында өткөн парламенттик шайлоодо башкаруучу Фидес партиясынын жеңиши менен куттуктады.


Жыйындын жүрүшүндө ведомстволордун жетекчилери Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүн талкуулашты, атап айтканда, негизги ченемдик укуктук ички документтерди шайкеш келтирүү жана бекитүү процессин аяктоо жана инвестициялык долбоорлорду тандоо жана андан кийин ВКӨФтен жеңилдетилген кредиттөөдө Фонддун өнүктүрүү боюнча иштерди жүргүзүүгө даярдыгын белгилешти.


Ошондой эле учурда электр станциялары, суу чарбасы, венгриялык малды Кыргыз Республикасына алып келүү, ошондой эле банкоматтарды алып келүү жаатында иштелип жаткан биргелешкен ишканалардын долбоорлору талкууланды.


П.Сийярто белгилегендей, бул долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу мурдагы макулдашууларга ылайык, Капиталдык фонддун уставдык капиталын андан ары 34 миллион долларга көбөйтүү стадиясына өтүүгө мүмкүндүк берет.


Жолугушуунун соңунда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган чөйрөлөрдө, анын ичинде ВКӨФдин жемиштүү иштешине умтулуу, билим берүү тармагындагы квоталарды көбөйтүү жана инвестициялык долбоорлорго эмгек ресурстарын тартуу боюнча кызматташууну мындан ары да чыңдоого үмүт артышты. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу