КР Экономика жана коммерция министри Д. Амангелдиев келе жаткан 1 май майрамы менен кыргызстандыктарды куттуктайт

Новости
01-Май 2022-ж.
2230

Урматтуу кыргызстандыктар!

1-май майрамыңыздар куттуу болсун!


Сиздерди Ала-Тоо жергебизге жаркырап кирип келген 1-май – Эмгекчилердин эл аралык күнү менен чын жүрөктөн кызуу куттуктаймын. Май, эмгек, тынчтык – май майрамынын башкы урааны ушундай. Жергебизде тынчтык өкүм сүрүп, баба дыйкандарыбыз мандай терин агызып, даркан талаада эмгек кызыган учур. Белгилүү себептерден улам азык-түлүктүн кымбатташы жашыруун эмес. Ошол себептен дан тапкан, мал баккан фермерлерибиз сапаттуу азык-түлүк менен калкыбыздын курсагын кампайтуу максатында  күнү-түнү тыным албай эмгектенишүүдө. Кыргыз өкмөтү тарабынан айыл чарбасын өнүктүрүү максатында тогуз кластер үчүн он милииард сом акча каражатынын бөлүнүшү аларды жаңы ийгиликтерге шыктандырат деп үмүттөнөмүн. Бул каражаттарды каарман дыйкан-малчы фермерлерибиз максаттуу пайдаланып, майнаптуу иш жасап, эли-журтубузду сүйүнтөт деген ниетте май майрамы менен куттуктап кетмекчимин.


Өнөр жай тармагында да иштер жанданууда. Балыкчы-Кочкор темир жолунун курулушу, тоо-кен өндүрүшүндөгү алгылыктуу аракеттер, энергетика, жол, транспорт, курулуш иштерине, күндөн, шамалдан энергия ала турган кайра жаралуу булактарына инвестициянын тартылып жатышы – экономикабыздын өнүгүп жатканынан кабар берет. Учурдан пайдаланып, ушул багытта иштеп жаткан эмгек каармандарын да май майрамы менен куттуктайм. 


Экономикабыздын бардык тармактарында май майрамына улай күжүрмөн эмгек маанайы өкүм сүрүүдө. Жергебизде жаңы креативдүү экономиканын келиши келечектен көптү үмүттөндүрөт. 


Урматтуу кыргызстандыктар! 


Өлкөбүздүн экономикасынын өсүп-өнүгүшү үчүн ар бириңиз өз салымыңызды кошууга чакырып, дагы бир жолу баарыңыздарды май майрамыңыздар менен кызуу куттуктап кетмекчимин.


1-май майрамыңыздар куттуу болсун! 




КР Экономика жана коммерция министри                                                 Д. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу