Бажы кызматы менен экономикалык операторлордун кызматташуусуна көмөктөшүү маселелери жөнүндө

Новости
28-Апрель 2022-ж.
2121

2022-жылдын 28-апрелинде Бишкек шаарында Борбордук Азияда Чек араны башкарууга көмөктөшүү БОМКА-10 программасы тарабынан уюштурулган “Борбордук Азия өлкөлөрүндө бажы жана соода боюнча Консультативдик кеңешти өнүктүрүүгө көмөктөшүү” деген темада улуттук семинар болуп өттү. 


Семинардын жүрүшүндө бажы кызматы менен экономикалык операторлордун кызматташтыгын илгерилетүү маселелери талкууланды. Тактап айтканда, түзүлгөн кызматташтыкты талдоо, эл аралык соодага колдоо максатында мындан аркы кызматташуунун эң натыйжалуу формаларын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу боюнча бажы кызматынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен бир катар консультациялык жолугушуулар өткөрүлдү.


Семинарга Латвиянын Мамлекеттик киреше кызматынын башкы директорунун орун басары, Латвиянын Бажы департаментинин башчысы – Раймондс Зукулс, Латвиянын Мамлекеттик киреше кызматынын Бажы департаментинин бажылык тариздөө жол-жоболору департаментинин башчысы Ирена Кнока, BOMCA 10 программасынын аймактык менеджери – Марис Доминш, ошондой эле МСКнын Катчылыгынын өкүлдөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын, республиканын бизнесинин өкүлдөрү катышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу