КР ЭКМде кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын эксперттеринин жыйыны өттү

Новости
28-Апрель 2022-ж.
2341

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-отурумунун эксперттеринин жыйыны өтүп, аны министрдин орун басары Канат Абдрахманов жана Казакстан Республикасынын соода жана өнөр жай министринин орун басары Кайрат Торебаев ачты.  


Өкмөттөр аралык кеңештин 10-жыйынынын күн тартибинде эки тараптуу кызматташуунун эң актуалдуу маселелери, атап айтканда: соода-экономикалык кызматташтык, инвестициялык кызматташуу, айыл чарба, транспорт, суу-энергетика сектору, жашыл финансыны өнүктүрүү, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана кызматташтыктын башка багыттары камтылды.


Кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстан Республикасынын Премьер-министри Алихан Смаиловдун төрагалыгы алдында өтөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу