КР ЭКМ мамлекеттик сектордун ишканалары тарабынан сатып алууларды уюштуруунун жана ишке ашыруунун типтүү тартибин иштеп чыгуу боюнча ЖТ түзөт

Новости
26-Апрель 2022-ж.
2083

2022-жылдын 14-апрелиндеги “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын кабыл алынгандыгына байланыштуу уставдык капиталындагы үлүшүнүн 50 жана андан көп пайызы мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, акционердик коомдор тарабынан сатып алуулар мамлекет, анын ичинде алардын туунду ишканалары жөнгө салуу чөйрөсүнөн чыгарылат.


Мамлекеттик сектордун ишканалары тарабынан сатып алууларды жүргүзүүдө терс тобокелдиктерди жоюу максатында 2022-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тарабынан уюштурулган жумушчу кеңешмеде мамлекеттик сатып алуулардын бирдиктүү практикасын түзүү маселесин чечүүнүн ар кандай варианттары сунушталды жана муниципалдык ишканалар, мамлекеттик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын акцияларынын контролдук пакетине (акцияларына) ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер рыноктун шарттарына, ошондой эле ишкердикти жакшы жүргүзүүнүн, экономикалык натыйжалуулуктун жана айкындуулуктун принциптерине ылайык келет.


Жыйындын жыйынтыгында бюджеттик сектордун ишканалары тарабынан сатып алууларды уюштуруу жана ишке ашыруу боюнча типтүү эрежелердин долбоорун даярдоо чечими кабыл алынды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу