2022-жылдын 25-апрелинде Ташкентте, «Борбордук Азия: технологиялык ачылыш үчүн мейкиндик» пленардык сессиясында кыргыз делегациясынын башчысы – КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев чыгып сөз сүйлөдү.
Жолугушуунун катышуучуларын куттуктап, министр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан жылуу кабыл алгандыгы жана көргөзмөнү жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн өзбекстандык кесиптештерге өзгөчө ыраазычылык билдирди.
Ал белгилегендей, туруктуу өндүрүштү калыптандыруу жалпы гүлдөп-өнүгүүнү камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. «Бизде региондун экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл керектөө продукциясын өндүрүүнү көбөйтүүдө өлкөлөрдүн күч-аракетин бириктирүү мүмкүнчүлүгү бар, бул тышкы факторлордун тобокелдиктерин азайтат. Бул чоң потенциалы бар туруктуу региондук рынокту түзүүгө мүмкүндүк берет», - деп баса белгиледи министр.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстан экономикада кризиске каршы чараларды ырааттуу түрдө көрүүдө, бул тармактагы абалды азыркыга чейин жакшыртууга мүмкүндүк берет. Дүйнөлүк пандемия менен коштолгон 2020-жылды кошпогондо, акыркы 5 жылда Кыргызстандын өнөр жайы өндүрүштүн оң тенденциясын сактап калды.
Республикада чет өлкөлүк инвесторлордун ишмердүүлүгү үчүн жагымдуу социалдык, финансылык, экономикалык, укуктук режимди жана алардын кызыкчылыктарына ылайык келген инвестициялык климатты түзүү боюнча чаралар көрүлүүдө. Өлкөнүн өнөр жай өндүрүшүн калыбына келтирүүгө багыт алды.
Инвесторлордун ишенимин арттыруу максатында Президенттин “Менчикти коргоо жана ишкерлерди жана инвесторлорду колдоо жөнүндө” жана “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктары кабыл алынды.
Салык процедураларын санариптештирүү боюнча заманбап талаптарга жооп берген Салык кодексинин жаңы редакциясы кабыл алынды.
“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, ага ылайык мамлекеттик кепилдиктерди караган атайын салыктык жана инвестициялык режим түзүлгөн.
“Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынды. Мамлекеттин жаңы долбоорлорго катышуусу инвестициялардын коопсуздугун камсыздоо үчүн негиз болот. МЖӨ секторуна бизнести жигердүү тартуу максатында МЖӨ долбоорлоруна аудит жүргүзүүгө 5 жылдык мораторий киргизилген.
Ишкерлерди жеткиликтүү насыялар менен камсыздоо үчүн Кыргыз-Өзбек фонду түзүлүп, анда жаңы долбоорлор каржыланмакчы. Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун багыты боюнча иштер күч алууда.
Долбоорлорду жигердүү илгерилетүү, өнөр жайды модернизациялоо жана мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъекттерди эффективдүү башкаруу максатында төмөндөгүлөр түзүлдү:
«Кыргызиндустрия» ААК, «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» Улуттук холдинг компаниясы» ААК, «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ААК, алардын негизги милдеттери өнөр жай тармагындагы долбоорлорду оперативдүү ишке ашыруу үчүн колдо болгон ресурстарды максималдуу топтоо, жер казынасын пайдалануу, туризм жана экономиканын аны менен байланышкан тармактарын өнүктүрүү болуп саналат.
Мамлекеттин атынан бирдиктүү акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана тобокелдиктерди азайтат.
Андан ары министр Д.Амангелдиев өздүк чийки затты жана материалдарды колдонуунун
негизинде биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Кыргызстан алтындын, вольфрамдын, калайдын, сурьманын, сымаптын, сейрек кездешүүчү металлдардын жана региондун керектөөлөрүн канааттандыра ала турган башка пайдалуу кендердин чалгындалган ири запастары менен берилген ресурстарга негизделген.
Жагымдуу инвестициялык климатты түзүү максатында жер казынасын башкарууда лицензиялоо, салык режими, ошондой эле бул тармактын ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча бир катар олуттуу реформалар жүргүзүлдү.
ЦАР негизделген негизги тармактар булар болушу мүмкүн:
- бүткүл Евразия континентин запастык бөлүктөр, машиналар жана керектүү жабдуулар менен камсыз кыла турган машина куруу;
- жеңил өнөр жай региондун түзүлгөн соода-экономикалык балансын сактоо максатында Кыргызстан биргелешкен ишканаларды түзүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ара пайдалуу кызматташуу үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайт.
Өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүү, өндүрүш чынжырларын түзүү үчүн өз ара пайдалуу эффективдүү өнүгүүгө өбөлгө болуучу бардык тоскоолдуктарды жоюу талап кылынат. Балким, бул бажы төлөмдөрүн нөлгө түшүрүү, чек арадан өтүүнү жөнөкөйлөтүү жана башка чаралар болушу мүмкүн.
Ошондой эле Жалал-Абад облусунда . Өзбекстан Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын ишканаларынын катышуусу менен пахта тазалоочу заводду, жип ийрүү фабрикасын, текстиль фабрикасын жана машина-трактордук паркты, ошондой эле 20 гектар аянтта май өндүрүүчү заводду уюштуруу аркылуу пахта кластерин түзүү ниети бар. Бул ниеттердин ишке ашуусу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо керек.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана ЕАЭБдин ички рыногун камсыздоо үчүн ата мекендик дары-дармектерди фармацевтикалык өндүрүшту өнүктүрүү зарыл.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында латекс колкаптарды чыгаруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке киргизүү пландалууда.
Сөзүнүн аягында министр туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуунун маанилүү инструменттеринин бирине, башкача айтканда, инклюзивдик жашыл экономиканы активдүү ишке ашырууга жана көмүртектүү газды кыскартууга карай системалуу түрдө жылып, талыкпай иштөө зарылдыгын билдирди.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнөр жай саясаты бүгүнкү күндө өнөр жайды туруктуу өнүктүрүүгө, анын ички дүң продукциядагы үлүшүнүн өсүшүн камсыз кылууга, экспорттук потенциалды жогорулатууга, ЕАЭБ рынокторунда Кыргызстандын өнөр жай продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоого багытталган.
Дүйнөлүк рынокту КДКнын (ЦАР) продукциялары менен тааныштыруу үчүн мындай өндүрүш көргөзмөлөрүн үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарыл.
2022-жылдын октябрында Бишкекте DEFINDEX биринчи Эл аралык аскердик өнөр жай көргөзмөсүн өткөрүү пландалууда. Бул көргөзмөнүн негизги жыйынтыгы, күтүлгөндөй, сатуу рынокторун кеңейтүү, бизнес-процесстерди активдештирүү жана анын ар бир катышуучусу үчүн жаңы бизнес өнөктөштүк болуп саналат, деп белгиледи министр.