2022-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бишкек шаарында өтүп жаткан IT, бизнес, искусство жана инновациялардын чыгармачыл индустрияларынын фестивалынын алкагындагы пресс-конференцияга катышты.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө экономикалык саясат стратегиялык маселелерди чечүүгө багытталган. Бул экономиканы COVID-19 пандемиясынын жана орус-украин окуяларынын кесепеттеринен улам келип чыккан жаңы кризистин таасиринен калыбына келтирүү боюнча антикризистик чараларды тез арада ишке ашыруу. Пландаштырылган реформаларды ишке ашыруу, анын негизги максаты чарбалык субъекттерди колдоо, тике инвестицияларды тартуу жана экспортту олуттуу көбөйтүү аркылуу экономикалык өсүштү тездетүү болуп саналат.
Кыргызстандын өкмөтү өлкөнүн салттуу экономикалык көйгөйлөрүн чечүүдө жаңы ыкмаларды издеп жатканы жашыруун эмес. Бүгүн фестивалды ачып жатып, өлкө президенти Садыр Жапаров “Экономикалык реформалар, анын ичинде фискалдык, соттук, укук коргоочулук, транспорттук жана логистиканы өнүктүрүү, ошондой эле тышкы соода саясатын жүргүзүү пландалып жатканын баса белгиледи. Санариптештирүү реформалардын комплекстүү элементи болуп калышы керек. Экономика жер казынасын пайдалануу жана салттуу стратегиялык тармактардын эсебинен гана өнүкпөш керек”.
Азыр илимге негизделген алдыңкы технологияларга, инновациялык өндүрүшкө инвестиция салуу абдан маанилүү. Биринчи кезекте келечектүү багыттардын бири болгон «билим экономикасы – жаратман экономиканы» өнүктүрүүнү камсыз кылуу зарыл,- деди министр.
«Республиканын негизги байлыгы жаратылыш байлыгы эмес, биздин жарандардын акыл-эси, жаратмандыгы жана жаратуу күчү экендигин биз эчак эле түшүнүп келебиз. Бардык үч компонент тең биз үчүн дүйнөлүк экономиканын жаратман экономика сыяктуу жаңы тармагын өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Чыгармачыл экономиканы өнүктүрүүнүн аркасында Кыргызстан ири өнүккөн мамлекеттер менен бирдей шарттарда атаандаша алат, ошондой эле географиялык жактан кичинекей болгонуна, деңиз жана ири транспорттук артериялардын жеткиликтүүлүгүнүн жоктугуна карабастан дүйнөлүк рынокто атаандаштыкка жөндөмдүү технологиялык жана креативдүү чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Тилекке каршы, бул көрсөткүчтөрдүн бардыгы боюнча Кыргызстан эң жакшы позицияда эмес экенин билебиз. Биздин баа жеткис капиталыбыз – бүгүнкү күндө оюндун эрежелерин олуттуу түрдө өзгөртө баштаган адамдар. Жаштар жана балдар коомдун негизги бөлүгүн түзгөн Кыргызстан үчүн креативдүү экономика экономиканы тездетүү үчүн гана мүмкүнчүлүк болбостон, жакынкы он жылдыктарда калкты жумуш менен камсыз кылуунун негизги мүмкүнчүлүгү», - деди министр.
Бүгүнкү күндө биздин мекендештер Кыргызстанда 10дон ашык IT стартаптарын түзүштү, алардын ар биринин рыноктук баасы 1 миллион АКШ долларынан ашат. Алардын арасында: Growave, Appboxo, Namba One, DBillions, Fitjab, Codify LMS, NB Fit, Reviro, Mashina.kg ж.б. бар. Стартаптардын негиздөөчүлөрүнүн айтымында, эгерде Өкмөт буларды түзбөгөндө алардын Кыргызстанда иштеши мүмкүн эмес болчу.
21-кылымда ийгиликке жетүү, жакшы акча табуу жана бүткүл дүйнөдө суроо-талапка ээ болгон товарды түзүү үчүн чоң шаарларга көчүүнүн кереги жок. “Кыргызстанда жаша, бүткүл дүйнө үчүн иште” – бул биздин Жогорку Технологиялар Паркынын (ЖTП) урааны Кыргызстандын IT тармагынын өнүгүшүнө олуттуу түрткү болот.
«Биз чыгармачыл секторго да өзүнүн ЖTП керек экенин түшүнөбүз жана биз азыр креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча чараларды иштеп чыгуунун үстүндө талыкпай иштеп жатабыз. Ошентип, жакында эле Кыргызстан IT жана креативдүү экономика тармагында иштеген “санариптик көчмөндөргө” виза бере баштады. Мындай виза көчүп келгендер үчүн бардык бюрократиялык процедураларды кыйла жеңилдетип, Кыргызстанда оңой жана жөнөкөй иштөөгө жардам берет», - деп белгиледи Д.Амангелдиев.
2022-жылдын 21-апрелинде Президенттин “Креативдик экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына кол коюлуп, Министрлер Кабинети тарабынан 2022-2026-жылдарга Креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы кабыл алынган.. «Биз жеке сектор жана эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта креативдүү экономикага формалдуу статус берүүнүн үстүндө иштеп, көптөн бери бул жакка бара жатабыз. Бул жерде, биздин ишибиз өз жемишин берип, креативдүү экономика азыр мыйзамдык деңгээлде экономиканын өз алдынча тармагы катары таанылганын өзгөчө кубаныч менен билдирем», - деди министр.
Министр ошондой эле кийинки негизги милдет – креативдүү экономика секторун үзгүлтүксүз өнүктүрүүнү камсыз кылуучу жана өлкөбүздү жаратуучулуктун, инновациялардын жана дүйнөдөгү атаандаштыктын жаңы деңгээлине чыгарууга жөндөмдүү Креативдик индустриялар паркын түзүү экенин белгиледи. Парктын резиденттери болууга тийиш болгон потенциалдуу креативдүү тармактардын арасында биз музыка, коммуникация, архитектура, жарнама, дизайн жана мода, искусство, кино жана видео өндүрүш, интернет-контент түзүү, зергерчилик жана кол өнөрчүлүктү көрөбүз.
Бүгүн Кыргызстанда чыгармачыл тармактардын биринчи фестивалы өтүп жатат жана 21-апрель өлкөдө Чыгармачылык күнү катары үзгүлтүксүз белгиленет. «Мындай фестивалдарды өткөрүү жакшы салтка айланат деп ишенебиз. Мен өз тарабымдан Кыргызстандын экономикасында креативдүү индустриялар секторун калыптандырууга жана бекемдөөгө мамлекет мындан ары да жардам жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр деп убада бере алам», - деп сөзүн жыйынтыктады Д.Амангелдиев.