Кыргыз-Азербайжан достугу кылымдарга уланат

Новости
22-Апрель 2022-ж.
2066

Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев 2022-жылдын 22-апрелинде Ала-Тоо-24 каналында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына расмий сапарынын жыйынтыгы боюнча маек куруп берди. 


Ал  өз сөзүндө Садыр Жапаров менен Илхам Алиев Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө Декларацияга кол койгонун баса белгиледи. 


Мунун өзү эки боордош мамлекеттин мамилесин жогорку деңгээлге көтөрмөкчү. Ощошдой эле өлкө лидерлери Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык Кеңешин түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту. 


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашы жөнүндө макулдашууга кол коюлганын министр ДАмангелдиев өз сөзүндө айтты. Буга ылайык, жакынкы арада Баку-Бишкек авиа каттамы ачылмакчы.


Ошондой эле министр эки өлкөнүн ортосундагы Айыл чарба министрликтеринин ортосундагы Айыл чарба жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгын билдирди. Азербайжан тарап топоз, кой этине кызыкдар болууда.


Эки өлкөнүн финансы министрликтеринин ортосундагы Өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум, ошондой эле эки өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү жана транспорт министрликтеринин ортосундагы Байланыш жана маалыматтык-коммуникациялык тенологиялар жаатында кызматташууну өнүктүрүү жөнүндө меморандумга да кол коюлду.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Азербайжан Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Монополияга каршы жана керектөө рыногун контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын ортосундагы Кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын айтып, министр бул багытта иштер жанданаарын белгиледи.


 Андан ары министр Д.Амангелдиев экономикалык кызматташууну мындан ары да тереңдетүү маселесине токтолду. Атап айтсак, азербайжан тарап  тоо-кен тармагына да кызыккандыгын айтышты. Кээ бир жабдыктарды Азербайжандан алсак болот. Мындан тышкары, Азербайжан Кыргызстанда соода үйүн ачууга ниеттенүүдө. Ошондой эле технопарктын курулушуна инвестиция тартып келүүнү көздөшүүдө.


Урматтуу биздин сайттын окурмандары, КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиевдин 22-апрелде Ала-Тоо-24 каналындагы саат 13.15 түз эфирдеги маегин Ютуб сайтынагн көрсөңүздөр болот.   

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу