Экономиканы санариптештирүү шартында соода процедураларын талкуулоо боюнча тегерек столдун резолюциясы кабыл алынды

Новости
15-Апрель 2022-ж.
1903

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде КР МЭК алдындагы Соодага көмөктөшүү кеңешинин катчылыгынын жана БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) колдоосу менен М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз Экономикалык Университетинде (КЭУ) сооданы жеңилдетүүбоюнча компетенциялар борбору уюштурган «Санариптик экономикада сооданы жеңилдетүү: институттар жана өнүктүрүү программалары» темасында тегерек стол болуп өттү. Анда экономиканы санариптештирүү шартында соода процедуралары талкууланды.


Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов куттуктоо сөз сүйлөп, тегерек столдун ийгиликтүү өтүшүн каалады.


БУУнун ЕЭК Экономикалык кызматташтык жана соода департаментинин директору Элизабет Тюэрк, Кыргыз Республикасындагы БУУнун тутумунун Туруктуу координаторунун Аппаратынын жетекчиси Муннавар Алам ЕАЭБ, ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү (министр), М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректору жыйында сөз сүйлөштү. 


Тегерек столго UNECE, UN/CEFACT өкүлдөрү, чет өлкөлүк ЖОЖдордон, ошондой эле биздин өлкөнүн ЖОЖдорунан профессорлор жана илимдер докторлору, ТФК катчылыгынын өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.


Жыйынтыгында «Санариптик экономикада соода процедураларын жөнөкөйлөтүү: институттар жана өнүктүрүү программалары» аттуу тегерек столдун резолюциясы кабыл алынды.


КР МЭКке караштуу Тышкы соода чөйрөсүндөгү “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасы менен Кыргыз Республикасынын Жүк ташуучулар жана логистика ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.


Ошондой эле бир катар кызматкерлер «КЭУну өнүктүрүү үчүн» медалы менен сыйланышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу