Бишкекке Өзбекстандын вице-премьер-министри – инвестиция жана тышкы соода министри иш сапары менен келди

Новости
14-Апрель 2022-ж.
1844

2022-жылдын 14-апрелинде Өзбекстан Республикасынын вице-премьер-министри – инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор Умурзаков Бишкекке иш сапары менен келди.


Аны “Манас” эл аралык аэропортунан КР экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев тосуп алды.


Бүгүн, №1 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын Вице-премьер-министри – Инвестициялар жана тышкы соода министри Сардор  Умурзаковдун тар жана кеңейтилген форматта жолугушуусу болот.


Ошондой эле өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун расмий ачылыш аземи болот.


Маалымат катары:

Фонд боюнча келишимге президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын мартында Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган.

Фонд экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү максатында түзүлгөн. Анын башкаруу органдарынын милдеттери, функциялары, түзүмү жана иштөө тартиби, ошондой эле компетенциялары жана ыйгарым укуктары устав менен аныкталат. Фонддун башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашат.

Мекеме Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарындагы өзүн-өзү актоочу долбоорлорду кредиттерди берүү, үлүштүк катышуу жана чарбакер субъекттер менен мамилелерде башка финансылык инструменттерди пайдалануу аркылуу каржылоого тийиш.

Төмөнкү багыттар боюнча иштер жүргүзүлмөкчү : агроөнөр жай комплекси; тигүү жана текстиль өнөр жайы; өндүрүш өнөр жайы; тоо-кен металлургия өнөр жайы; транспорт; турак жай куруу; соода; ишкердикти өнүктүрүү; энергетикалык комплекс; инфраструктураны өнүктүрүү; туризмди өнүктүрүү.

Фонддун уставдык капиталы 50 млн.долл.түзөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу