Күн энергетикасы жаатында МЖӨ пилоттук долбоорун ишке ашыруу жөнүндө

Новости
08-Апрель 2022-ж.
2071

2022-жылдын 8-апрелинде «Келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергиясы жолунда Кыргыз Республикасынын энергетика секторун трансформациялоо» Эл аралык энергетикалык форумунун алкагында КР Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жана МЖӨ борборунун директору Санжар Болотов Эл аралык Финансы Корпорациясынын (IFC) өкүлдөрү менен 100 МВт кубаттуулуктагы күн энергиясы тармагында МЖӨ пилоттук долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар долбоордун деталдарын талкуулашты, пикир алмашышты, ошондой эле Өзбекстан Республикасында күн энергетикасы чөйрөсүндө МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруу боюнча МФКнын тажрыйбасын карап чыгышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында пилоттук долбоорду мындан ары кеңейтүү үчүн тез арада даярдоону баштоо боюнча макулдашууга жетишишти.


Маалымат катары:

Навои облусунун Карманин районунда БАЭден келген Масдар компаниясы тарабынан курулган кубаттуулугу 100 МВт болгон биринчи күн фотоэлектр станциясы ишке киргизилүүдө. Күн электр станцияларын куруу аркылуу Өзбекстан 600 миллиард кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу.

Жакынкы эки жылда Бухара, Жизак, Наманган, Самарканд, Хорезм, Сурхандарья жана Кашкадарыяда жалпы кубаттуулугу 2100 МВт болгон тогуз күн электр станциясы, Каракалпакстанда, Бухара жана Навоиде кубаттуулугу 1600 МВт болгон төрт шамал электр станциясы пайда болот. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу