КР ЭКМ башчысы АӨБ вице-президенти менен жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты

Новости
08-Апрель 2022-ж.
1978

2022-жылдын 8-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын вице-президенти Ченг Шисин жана Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары - АӨБ) өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда энергетика тармагынын маселелери жана Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы 2022-2024-жылдарга кызматташуунун жаңы өлкө стратегиясын иштеп чыгуу талкууланды.

Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүлүшүнө даярдыгын ырастады. Ал ошондой эле делегацияга жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Ченг Шисин мырза белгилегендей, Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго мониторинг жүргүзүү жана Эл аралык энергетика форумуна катышуу болуп саналат. Ал ошондой эле АӨБ энергетика тармагын өнүктүрүүдө Кыргыз Республикасын колдоого даяр экенин белгиледи. Атап айтканда, акылдуу эсептегичтерди киргизүү, МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда жеке бизнеске кепилдиктерди берүү. Ошону менен бирге Ченг мырза өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү потенциалын белгиледи.

Мындан тышкары, Тараптар айыл чарбасын өнүктүрүү, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору, транспорт коридорлору жана аймактык кызматташтык, ошондой эле бир катар пландаштырылган долбоорлорду талкуулашты.

Жалпысынан эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу