Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жакшыртуу максатында инвестициялык макулдашууга кол коюлду

Новости
08-Апрель 2022-ж.
2211

2022-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында Эл аралык энергетикалык форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика секторун жеткиликтүү жана туруктуу энергия жолунда трансформациялоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Дүйнөлүк банк тобунун көмөгү менен , Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин, Энергетика министрлигинин жана Кытайдын “China Power International Development Limited (CPID)” жана “China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) компанияларынын жетекчилеринин ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. 

Кыргыз тараптан: Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кол коюшту.


Кытай тараптагы компаниялардан: "CPID" - Чжао Цзянган жана "CR20G" - Гу Хэцзюнь кол коюшту.


Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын энергетикалык коопсуздугун жогорулатуу, электр энергиясына өсүп жаткан суроо-талапты жабуу, ири кытайлык энергетикалык компаниялардын күн электр станциясын жана ГЭСти курууга жана эксплуатациялоого кызыгуусунун негизинде түз жеке инвестицияларды тартуу максатында кол коюлган. 


Ошондой эле, кол коюлган Макулдашуунун максаты Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1000 МВт кубаттуулуктагы күн электр станциясын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо боюнча жогоруда аталган компаниялардын консорциуму менен кызматташуу болуп саналат. Ошондой эле «Кемин» көмөкчордонуна (500 кВ) аба линиясын долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кубаттуулугу 600 МВт Алабуга ГЭСин долбоорлоо, куруу жана эксплуатациялоо каралган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу