Министр Д.Амангелдиев Словакиянын элчиси М.Коллар менен жолугушууда түрдүү тармактарда кызматташуунун келечегин талкуулады.

Новости
05-Апрель 2022-ж.
1993

2022-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Словакия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Милан Коллар (резиденциясы Нур-Султан шаарында) менен жолугушту.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнү жана түрдүү тармактарда кызматташуунун келечегин белгилешти.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Словакия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге жана капиталга салык төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун талкуулоо боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 2022-жылдын март айында видеоконференция аркылуу өткөрүлүп жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.


М.Коллар Словакия Республикасынын Тышкы иштер министри И.Корчоктун ишкерлер тобу менен бирге Кыргыз Республикасына келүү ниети тууралуу маалымат берди, ага байланыштуу Тараптар эки өлкөнүн ишкерлери ортосунда бизнес-форум уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Мындан тышкары, инвестициялык чөйрөдө кызматташууну активдештирүү максатында Элчи мырза Евробиримдиктин жаңы шарттарын эске алуу менен Инвестицияларды коргоо боюнча макулдашуунун долбоорун кайра карап чыгууну сунуштады.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу