Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги отуруму жөнүндө

Новости
05-Апрель 2022-ж.
2005

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Бакировдун төрагалыгы алдында Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын кезектеги 57-жыйыны болуп өттү. 


Отурумдун жүрүшүндө Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана Тышкы иштер министрлиги, Юстиция министрлиги, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Министрлик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланышкан маселелер каралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Социалдык фонддун жана Улуттук статистикалык комитеттин токтому каралып жактырылды.


Атап айтканда, ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасына инвестиция тартуу үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен мекендештерге, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө билим берүү жана саламаттыкты сактоо кызматтарын алууда, ошондой эле ишке орноштурууда колдоо көрсөтүү боюнча Тышкы иштер министрлигинин сунуштарын карады. 


Бул демилге Президенттин 2021-жылдын 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашырууга багытталып, анда Кыргыз Республикасынын мурдагы жарандарына берилген өзгөчө статус – “Мекен-карт” сакталып, бул чет өлкөлүк жарандыгын өзгөртүүнү талап кылбайт.


Юстиция министрлиги тарабынан жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле аларды электрондук форматта көрсөтүү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө КР Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик департаментине санариптик технологияларды киргизүүнү жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык ведомстволор аралык комиссиянын кароосуна сунуш киргизилди. 


Ведомстволор аралык комиссия ошондой эле Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын сапатын жакшыртуу, сапаты боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды өндүрүүчүлөрдүн ишмердигине баа берүү жана аларды дүң жана чекене сатуу боюнча сунуштарын карап жактырды. 


КР Министрлер Кабинетинин 18-февралдагы «Баткен облусунун калкына мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Баткен облусунун калкынын социалдык бакубаттуулугу үчүн эффективдүү шарттарды түзүү максатында 2022-жылга карата Баткен облусунун калкына билим берүү жана медициналык мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча Билим берүү жана илим министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштары каралып жактырылды.


Ведомстволор аралык комиссиянын жыйынына мамлекеттик органдардын, жарандык жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Жыйында каралган мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштары Президенттин 2021-жылдын 8-февралындагы «Калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралар жөнүндө» Жарлыгында белгиленген принциптерге толугу менен шайкеш келери айтылды. 


Бул отурумдун протоколдук чечимине ылайык, Ведомстволор аралык комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө токтомдун долбоорун даярдоо боюнча Экономика жана коммерция министрлигине мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри, ошондой эле мамлекеттик органдарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына тиешелүү өзгөртүүлөр жөнүндө тиешелүү сунуштарды берди

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу