Садыр Жапаров: Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылды

Новости
04-Апрель 2022-ж.
2096

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 4-апрелде, өлкөнүн элине кайрылуу жасады, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Кутмандуу кечиңиздер менен, урматтуу кыргызстандыктар!

Кымбаттуу калайык калкым!

Ардактуу Ата Журт!

Сиздерге түз эфирден бүгүнкү кайрылуумдун себеби — Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын кыргыз элине жана жалпы дүйнөлүк коомчулукка жарыялаймын!

»Центерра« менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге жаңы эле кол коюлду.

Биз эң чоң улуттук байлыгыбыз –Кумтөр кенинин Кыргызстанга толук жана биротоло өтүшүн камсыздай алдык.

Ошентип, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын энчисине өттү!

Бүгүнкү күндү өлкөбүздүн тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атасам аша чапкандык болбостур. Анткени, элибиз бүгүн өз тагдырына болгон жоопкерчиликти өз колуна алды. Улуттук кызыкчылыкты коргоо деген дал ушундай болушу керек!

Мен жалпыңарды, бүткүл элибизди бул жетишкендигибиз менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Эмесе, мен сиздерге макулдашуунун негизги жоболору жөнүндө айтып берейин.

Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, „Кумтөр Голд Компани“ ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү.

Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер – тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык.

Мындан тышкары, „Центерра“ бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду — анын көлөмү болжол менен 11 млн АКШ долларын түзөт.

Дагы бир жетишкендик – „Центерра“ кыргыз тарапка 50 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик.

Биз „Кумтөр“ кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык — бизге 53 млн доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген.

»Центерра« 2021-жылдын май айындагы алып кете албай калган алтындын партиясы үчүн 29 млн долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты.

»Центерра« АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду.

Ал эми „Кыргызалтын“ ачык акционердик коому „Центеррадагы“ 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда „Центерра“ аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат.

Биз, кыргыз тарап дагы Центеррага каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз.

Ушундай шарттарды макулдашууга жетишүү оңой-олтоң болгон жок, анын ар бир пункту боюнча чечим кабыл алуу бир жылга жакын убактыбызды алды.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Азыркы дүйнөлүк курч кырдаалды жана өзүбүздүн абалыбызды эске алсак жетишилген келишимдин шарттары бирден бир оптималдуу жана биздин пайдабызга, Кыргызстандын мамлекеттик жана улуттук кызыкчылыгына чечилгендигине ишендире алам.

Соттук процесстер жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетерин билесиздер. Мындан да жакшы шарттарга жетишүү үчүн — биз бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек.

Биздин пайдабызга мындан да оң чечимдердин кабыл алынышына кепилдик жок эле. Бирок биз ал арада көптү жоготуп, убакыттан уттурмакпыз.

Созулуп кетсе, ири инвестдолбоорлордон куру калмакпыз, арбитраждык соттук процесстер бүтмөйүнчө инвесторлордун ишеними солгундап, республикага сырттан финансылык каражаттарды тартуу оорломок, өлкөгө тыйын дагы, товар дагы келбей кала турган коркунучка кептелмекпиз.

Бул талаш-тартыштын башынан аягына чейин биз улутташтыруу жөнүндө таптакыр сөз жок экендигин айтып, ишендирип келдик.

Бул маселеде Кыргызстан чет өлкөлүк компанияга каршы чыккан жери жок.

Кептин баары конкреттүү „Кумтөр“ кенин башкаруу маселеси жөнүндө болуп жатат.

Биз баарыбыз: „Кыргызстан бизнес үчүн дайыма ачык“ деп айтып келебиз.

Биздин мыйзамдардын үстөмдүгүн жогору койгон, биздин улуттук активдерге жана улуттук кызыкчылыктарыбызды сыйлаган инвесторлорго ар дайым ачыкпыз жана кучак жайып тосуп алабыз.

Бул макулдашуу дал мына ушуну айгинелеп турат.

Кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Сүйлөшүүлөр абдан оор болду.

Ошого карабастан, биз эң башынан тартып мамлекеттин, улуттун кызыкчылыгын коргоо үчүн бекем турдук, өзүбүздүн позициябызды чечкиндүү түрдө коргодук.

Башында бизди эл аралык коомчулукка „жапайы, баскынчы“ катары көрсөтүүгө аракеттер болду. Андан кийин да бизге өтө келишкис талаптарды коюшту. Биз баарына чыдадык, бекем турдук.

Биз үчүн маанилүүсү — Кыргызстандын жана кыргыз элинин кызыкчылыгы эле. Акырында эң баштапкы сүйлөшүп жаткан позицияларды түп-тамырынан өзгөртүүгө жетише алдык. Өлкөбүз үчүн бүгүнкү учурга ылайыктуу, максималдуу түрдөгү пайдалуу жыйынтыктарга жетише алдык деп дагы бир ирет ишенимдүү түрдө айта алабыз.

Биздин чечим эл аралык арбитраж боюнча дүйнөдөгү эң мыкты юристтердин колдоосуна негизделди жана алардын бизге берген кеңеши да ушундай болду.

Биздин пайдабыз дегенимди өзүңүздөр баалап, таразалап көрүңүздөр.

Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн доллардын тегерегинде дивидент алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн долларга чейин алабыз деп турабыз.

Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда.

Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат.

Учурда тышкы карыздарды кайтаруунун убактысы жетип, жылына ири өлчөмдөгү каражатты төлөөнүн мезгили келгенин билесиздер. Бүгүн белгилей кетчү жагдай, Кумтөрдү көзөмөлүбүзгө алган соң эми тышкы карызды төлөө маселесинде өзүбүздү ишенимдүү сезип, жеңилденип калдык.

Биз сырттан сатып алып жаткан товарлардын: буудай, шекер жана өсүмдүк майынан тартып, күйүүчү-майлоочу материалдар менен жер семирткичтерге чейин баалары қымбаттап жатканын эске алсак, жаңы эле жарыялаган шарттарда Кумтөр боюнча макулдашууга жетишүүнү кечиктирбөө — учурдун талабы жана кабыл алынган чечимдерге негиз болгондугуна ынанабыз.

Мамлекет башчысы катары мен чечкиндүү жана кечиктирилгис кадамдардан баш тартпайм. Элдин жоопкерчилигин мойнума алгандан кийин создуктурууга жол бере албайм.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Эми Кумтөр толугу менен менчигибизге өттү. Мындан жыйырма жыл мурда эле болчу окуя — бүгүн гана жүзөгө ашты. Бул, албетте, кейиштүү жана өкүнүчтүү! Бирок өткөн ишке өкүнбөйт демекчи, эл-журтубузга жараткан Кудайым белек кылган байлыкты уурдагандар, тоногондор тууралуу сөз кылгым келбейт.

Мен кыргыз саясатындагы басып өткөн жолумда – Кумтөрдүн байлыгы жөнүндө такай айтып келдим. Ал үчүн санаалаштарым, үй-бүлөм менен бирге далай кыйынчылыктарды да башымдан өткөрдүм.

Азыр жөнү жок эсептешип, кимдики туура, же кимдики туура эмес деп акыйнек айтышып, күнөөлүүлөрдү издегенге убакыт жок.

Мен калкымды алдыга карай сүрөп, илгери баштагым келет.

Андыктан, өткөнгө кылчактабастан, алдыга карай чечкиндүү кадамдарды жасашыбыз керек. Мындай саясат өз мамлекеттүүлүгүнө ээ эркин элге жарашат деп эсептейм. Биздин тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Кумтөр боюнча бүгүнкү чечим — мамлекетибиздин өсүп-өнүгүү жолундагы ири жетишкендиктердин башталышы гана.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, командама, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топко, ата мекендик жана эл аралык юристтерге жемибизди жедиртпей, сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзүшкөнү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирем. Сиздер өлкөбүз үчүн эбегейсиз чоң кызмат кылдыңыздар!

Алтын казуу ишин бир да мүнөткө үзгүлтүккө учуратпай, кенди иштетип кеткен Кумтөрдүн бүтүндөй эмгек жамааты дагы биздин жылуу сөздөрүбүзгө жана мактоого татыктуу.

Сунуштаган чечимдерибизди колдоп, бекитип бергени үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирем.

Жана албетте, Кумтөрдү элибизге кайтарып берүү ишинде эрки майтарылбай, кыйла жылдар бою күрөшүп келген бардык жарандарга, бардык кыргызстандыктарга — чын жүрөктөн алкыш айтам!

Бүгүн — биздин жалпы жеңишибиз!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Бардыгыңыздарды башталган ыйык Орозо айы менен куттуктайм!

Ар бир үйдү ырыскы, береке-кут жана бакты-таалай ыроолосун.

Орозоңуздар кабыл болсун!

Жараткан Кыргызстаныбызды колдосун!».


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу