КР Экономика жана коммерция министрлигинин жетекчиси бардык бухгалтерлерин жана аудиторлорун кесиптик майрамы менен куттуктайт

Новости
03-Апрель 2022-ж.
2020


Урматтуу кесиптештер, достор!


Бухгалтерлердин жана аудиторлордун күнү болгон кесиптик майрамга байланыштуу баарыңыздарды чын ыкластан куттуктайм! 


Бул тармакта өз кесибинин чыныгы кесипкөй адистери бар экендигине баарыбыз абдан кубанабыз.


Азыркы учурда татаал экономикалык маселелерди чечүүдө бухгалтерлердин жана аудиторлордун ролу эбегейсиз зор. 


Финансылык, салыктык эсеп жана көзөмөлдөө тармагындагы эффективдүү иш экономиканын бардык тармактарын өнүктүрүүнүн жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун негизги элементи болуп саналат.


Бухгалтердик эсепти жана аудитти финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына шайкеш келтирүү жана стандартташтыруу шарттарында, бухгалтердик эсептин жана аудиттин жаңы заманбап ыкмалары киргизилүүдө.


Азыр да, келечекте да сиздер бардык күч-аракетиңерди, билимиңерди жана шык-жөндөмүңөрдү өз кесибиңерге жана Кыргызстаныбыздын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясын ишке ашырууга арнайсыздар деп ишенем.


Ар бириңерге бардык пландарды ишке ашырууда ийгиликтерди, татыктуу баалоону, чың ден соолук жана үй-бүлөдө бакубат жашоо каалайм!



Урматтоо менен,

КР Экономика жана коммерция министри                                                        Д. Амангелдиев

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу