Министр Д. Амангелдиев: Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара кызматташтыгы кыргыз-өзбек мамилелеринин ажырагыс жана негизги бөлүгү болуп саналат

Новости
02-Апрель 2022-ж.
1898

2022-жылдын 1-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин чек арага чектеш облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Өзбекстандын чек арага жакын облустарынын акимдер Кеңешинин, КР Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов жетектеген төртүнчү жыйынына катышты.


Мындан тышкары, Кеңештин ишине чек арага чектеш облустардын администрация башчылары, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын министрликтеринин, ведомстволорунун жана уюмдарынын жетекчилери катышты.


Министр Д. Амангелдиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын чек арадагы кызматташтыгы кыргыз-өзбек мамилелеринин ажырагыс жана негизги бөлүгү болуп саналаарын белгиледи. Соода, экономикалык, инвестициялык байланыштарды көбөйтүү жана диверсификациялоо, эки өлкөнүн чек ара аймактарынын ортосундагы ишкер байланыштарды жана маданий иш-тажрыйба алмашууну кеңейтүү, жалпысынан көп тармактуу эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүү фактору болуп саналат.


Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактары менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттердин өз ара пайдалуу экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү, өз ара пайдалуу өндүрүштүк-техникалык продукцияларды ташуу, чийки заттарды, эл керектөөчү товарларды, анын ичинде тамак-аш, жашылча жана мөмө-жемиштерди ташууларды ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жогорку потенциалга ээ. 

Мындан тышкары, министр өз сөзүндө ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу каржылык ресурстарды олуттуу мобилизациялоону талап кылганына өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн түзүлгөн институт катары, бул багытта жаңыдан түзүлгөн Кыргыз - өзбек өнүктүрүү фондунун потенциалын колдонууну сунуштады. 


Фонддун ишинин башталышы өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндө кызматташууну мындан ары тереңдетүү жана кеңейтүү боюнча Жол картасына киргизилген биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты ишке ашырууну активдештирүүгө мүмкүндүк берет.


Ошондой эле министр Д. Амангелдиев “Кызыл-Кыя” соода - логистикалык борборун куруу боюнча артыкчылыктуу долбоорго токтолду.


«Кызыл-Кыя» соода - логистикалык борборун түзүүнүн өбөлгөлөрү болуп, пандемия шартында өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүүсүндөгү глобалдык тенденция, ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан акыркы окуялар саналат. Бул албетте, логистикалык маршруттар, товарлардын транзити жана продукцияны сактоо жана сатуу үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды кайра бөлүштүрүү, анын ичинде сырьёнун болушун эске алуу менен айыл чарба продуктыларын кайра багыттоого таасирин тийгизген.


«Кызыл-Кыя» соода - логистикалык борбору универсалдуу, заманбап жабдуулар менен жабдылган, жогорку класстагы тейлөөсү бар, эл аралык соода стандарттарын жайылткан ишканага айланат», - деди министр сөзүнүн аягында.

 Маалымат үчүн:

2021-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 497 миллион долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 45,3 пайызга өстү, анын ичинде экспорт 180,1 миллион долларды түзүп 18 пайызга, импорт 316, 9 миллион долларга (68 пайызга көп) өскөн.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу