КР ЭКМ башчысы түркиялык “Мир Холдинг” компаниясы менен жолугушууда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады

Новости
31-Март 2022-ж.
2177

2022-жылдын 31-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркия Республикасынын «Мир Холдинг» ААК Башкармалыгынын Төрагасы Ибрагим Мирмахмутогулдары, менен жолугушту.


“Мир Холдинг” Башкармалыгынын Төрагасы Ибрагим Мирмахмутогулдары компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштырып, анын жүрүшүндө тараптар кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.


Атап айтканда, бул компания технопарктар тармагында кызматташууга даяр экенин, ошондой эле гибриддик дубалдарды чыгаруучу заводдорду курууга кызыкдар экенин белгиледи.


Жолугушууга ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын директору Жарасул Абдураимов, Кыргыз Республикасындагы Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү борборунун өкүлдөрү жана Түркия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин өкүлдөрү катышты. 


Маалымат катары:

“Мир Холдингдин” курамына “түтүк өнөр жайы, айыл чарба, энергетика, курулуш” багыттары боюнча иш алып барган 15 компания кирет.

Компаниянын   Түркияда, Германияда, Азербайжанда, Россияда заводдору бар.

“Мир Холдингде”  50ден ашык инженер, 25 профессор жана бардыгы болуп 150 илимий кызматкер эмгектенет, алардын 50дөн ашыгы илимдин кандидаты. Өндүрүшкө айланган патент саны боюнча компания Түркияда лидер болуп саналат. 100дөн ашык патенти бар, анын 70% өндүрүштө колдонулат.

Түркиядагы эң чоң жеке менчик изилдөө лабораториясы менен компания сыймыктана алат.

Коргоо өнөр жайынын бюджеттик эң ири долбоору (10,2 миллион доллар) (болоттон он эсе бышык, материалдан беш эсе жеңил) ийгиликтүү ишке ашырылды. Бул Америка менен Канададан кийинки дүйнөдө бул технологияны колдонгон 3-компания болуп эсептелет.

“Мир холдинг” компаниясы Европа Биримдигиндеги эң чоң бюджеттик НИОКР долбоорун (49 миллион евро) (акылдуу жана жашыл шаар) ийгиликтүү аяктап, аны өнөр жай индустриясына айлантты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу