Кыргыз Республикасында соода жол-жоболорун жана формалдуулуктарды оптималдаштыруу жөнүндө

Новости
29-Март 2022-ж.
1987

2022-жылдын 28-мартында Европа мейманканасында Ready4Trade Central Asia долбоору тарабынан уюштурулган «Кыргыз Республикасындагы соода процедураларын жана формалдуулуктарды оптималдаштыруу» деген темада тегерек стол болуп өттү.


Бул тегерек столдун жүрүшүндө негизги жыйынтыктардын презентациялары жана экспорттун, импорттун көз карашынан соода процедураларын жана формалдуулукту тартипке келтирүү боюнча негизги сунуштар берилди, андан соң бардык катышуучулар менен интерактивдүү талкуу болду.


Жыйынга Кыргыз Республикасындагы сооданы жеңилдетүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын мүчөлөрү жана башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты. Ошондой эле жыйында бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана Ready4Trade Central Asia долбоорунун лидерлери да болушту.

Маалымат катары:


Ready4Trade - Борбордук Азия (R4TCA) долбоору трансчек аралык талаптардын ачыктыгын жогорулатуу, ченемдик-укуктук жана процедуралык тоскоолдуктарды жоюу, трансчек аралык электрондук сооданы өркүндөтүү, Борбордук Азиянын беш өлкөсүндө аймактык жана эл аралык сооданы өнүктүрүүгө, бизнестин соода формалдуулугун жана стандарттарын сактоо мүмкүнчүлүгү, ошондой эле аялдар жетектеген ишканалардын эл аралык соодага катышууга мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.. Долбоор Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Эл аралык соода борбору тарабынан улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта ишке ашырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу