Кыргызстан менен Словакиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду

Новости
26-Март 2022-ж.
2622

2022-жылдын 22-мартынан 24-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинде Кыргыз Республикасы менен Словакия Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кош салык салуудан качуу жана кирешеге салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуунун долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн 1-раунду өттү. 


Учурда жакынкы жана алыскы чет мамлекеттер менен ар бир мамлекетке кирешенин жана капиталдын айрым түрлөрүнө салык салуу укугун берүү аркылуу өнөктөш өлкөлөрдүн ортосундагы салык мамилелерин жөнгө салууга багытталган эки тараптуу макулдашууларды түзүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Өлкөлөр ортосундагы мындай мамилелердин негизги максаты ар кайсы өлкөлөрдө бирдей салыктар менен чарба жүргүзүүчү субъекттердин кирешесине жана капиталына кош салык салууну жоюу болуп саналат.


Белгилей кетсек, кош салык салуу келишимдери республиканын экономикасына тике чет өлкөлүк инвестицияларды тартуунун каражаты катары да каралат.


Мындан тышкары, Макулдашуунун негизги максаттары бир мамлекеттин резидентин башка Келишим түзүүчү мамлекетте басмырлоочу салык салуудан коргоо, салык төлөөдөн качууну же Макулдашуунун жоболорун кыянаттык менен пайдаланууну болтурбоо, ошондой эле Келишим түзүүчү мамлекеттердин компетенттүү органдарынын ортосунда маалымат алмашуу болуп саналат. 






Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу