Министрдин орун басары К.Абдрахманов: Аймакта транспорт, логистика, энергетика жана соода тармагынын өз ара байланышын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө

Новости
25-Март 2022-ж.
2075

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов «Борбордук Азиядагы соода агымынын трансформациясы жана бул трансформацияны капиталдаштыруу» деген темада өткөн тегерек столдо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Алиев баштаган кыргыз делегациясынын катышуусунда 24-26-март күндөрү Ташкент шаарында өтүп жаткан Биринчи Эл аралык инвестициялык форумдун ишинде баяндамачы 

катары чыкты.


Өз сөзүндө К.Абдрахманов аймактагы транспорт, логистика, энергетика жана сооданын өз ара байланышын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.


«Борбор Азия аймагы Европа менен Азияны байланыштырган көпүрө болуп саналат, бул Чыгыштан Батышка да, Түндүктөн Түштүккө да транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, ошондуктан Борбордук Азия өлкөлөрү транспорттук-логистикалык инфраструктурасын жакшыртууга күч-аракет жумшоосу зарыл. Биргелешкен күч-аракеттер, билим жана алдыңкы технологиялар менен алмашуу аркылуу биздин аймак экономикалык потенциалды толук ишке ашырып, өз ара пайдалуу өнөктөштүктүн мыкты үлгүлөрүн көрсөтө алат», - деди К.Абдрахманов.


Министрдин орун басары жакынкы келечекте учурдагы транспорттук коридорлорду өнүктүрүү жана жаңыларын калыптандыруу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо , анын ичинде Кашгар-Эркештам-Ош-Анжиян-Ташкент мультимодалдык транспорт коридорунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керектигин белгиледи, бул өз кезегинде тышкы соода агымы үчүн кызмат көрсөтүүлөр рыногун жана транспорттук кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын Борбор Азия өлкөлөрүнүн дүйнөлүк атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.


Министрдин орун басары ошондой эле жаңы транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү зарылчылыгы тууралуу маалымат берди, мисалы, маршрут боюнча мультимодалдык жүк ташуу: Бандар-Аббас порту (Иран Ислам Республикасы (деңиз жолу) жана андан ары Иран – Республика аркылуу өткөн темир жол каттамы боюнча) Түркмөнстан – Өзбекстан Республикасы – Кыргыз Республикасы (Ош шаары). Каспий деңизинде жайгашкан портторду биргелешип өнүктүрүү жана пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштады.


Белгилей кетсек, тегерек стол Борбордук Азия мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн, эл аралык каржы институттарынын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп, анда модератор катары ЕБРРдин аймактык экономисти Эрик Ливни катышты.


Биринчи эл аралык инвестициялык форум 3000дей катышуучунун башын бириктирди. Форумдун биринчи күнү Өзбекстан Республикасынын Президенти Шафкат Мирзиёевдин катышуусунда өттү.


Ошондой эле, Форумдун алкагында 20-25ке жакын параллелдүү панелдик сессиялар өткөрүлөт, ага кыргыз делегациясы катышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу