“Батыштын санкцияларын эске алуу менен Кыргызстан ЕАЭБде кандай өнүгөт?” - министрдин орун басары Э.Алишеров

Новости
23-Март 2022-ж.
1771

«Президентибиздин Кыргызстандын ЕАЭБге төрагалыгынын алкагындагы сунуштары менен таанышсаңыз, алар Евразиялык экономикалык биримдиктин күн тартиби менен бирдикте экенин көрө аласыз.


17-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин жыйыны өттү — бул Украинадагы окуялардан кийинки биринчи жыйын. Кеңештин жыйынынын күн тартибиндеги бардык маселелер биз сунуш кылган пландар менен шайкеш келет. Анын ичинде импортту алмаштыруу, тоскоолдуктарды алып салуу, комиссиянын ролун күчөтүү, Евразия өнүктүрүү банкы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ишин күчөтүү боюнча иштерди күчөтүү кирет. Бул ЕАЭБдин алдына мурда коюлган суроолор», - деди министрдин орун басары.


Министрдин орун басары ошондой эле президент Садыр Жапаровдун өлкө ЕАЭБ төрагалыгына келгенге чейинки кайрылуусунда айтылган пландар болуп жаткан окуялардын фонунда өзгөрбөй турганын белгиледи.


«Кайрылууда сунушталган пландар, тескерисинче, ыкчам иштөө жана тезирээк чечимдерди кабыл алуу менен бекемделет», - деп түшүндүрдү Э.Алишеров.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу