«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу

Новости
24-Март 2022-ж.
2190

2022-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтом кабыл алды.

Б

ул токтом “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КР Мыйзамынын 17-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында кабыл алынган, ага ылайык коммерциялык эмес уюмдар 1-апрелге чейин ыйгарым укуктуу салык органынын сайтына каражаттарды түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары жөнүндө, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ажыратылган мүлк жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууга милдеттүү.


Ушунун негизинде «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» КР Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн талаптарына ылайык КР Министрлер Кабинетинин ушул токтому менен буларды бекитет:


- коммерциялык эмес уюмдун акча каражаттарын түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ажыратылган мүлк жөнүндө жыйынды маалыматынын формасы;


- коммерциялык эмес уюмга каражаттарды түзүү булактары, аларды чыгымдоо багыттары, ошондой эле сатып алынган, пайдаланылган жана ажыратылган мүлк жөнүндө жыйынды маалыматты берүүнүн тартиби.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу