Экономика жана коммерция министрлигинде Кыргыз Республикасындагы баалоо кызматтары рыногун өнүктүрүү боюнча тегерек стол өтөт

Новости
23-Март 2022-ж.
1832

2022-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерциялык министрлигинин Чоң залында саат 10.00 «Кыргызстанда баалоо кызматтары рыногун калыптандыруунун жаңы этабы жана аны өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар» деген темада тегерек стол өткөрүлөт. 


Иш-чара КР «Баалоо иши жөнүндө» мыйзамынын кабыл алынышына байланыштуу баалоо кызматтары рыногун өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо максатында «Кыргыз баалоочулар ассоциациясы» бейөкмөт уюму тарабынан демилгеленген.


Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финансы-кредиттик мекемелердин, ЖОЖдордун, баалоочу жана консалтингдик компаниялардын жетекчилери катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу