КР ЭКМ башчысы АӨБнын директорлор кеңешинин аткаруучу директору менен жолугушууда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Новости
23-Март 2022-ж.
2000

2022-жылдын 22-мартында Министр Данияр Амангелдиев Азия өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин Аткаруучу директору Ариф Бахарудин жана Азия өнүктүрүү банкынын (мындан ары – АӨБ) командасы менен   жолугушту. 


Министр Д.Амангелдиев өз сөзүндө өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн АӨБга ыраазычылык билдирип, ошондой эле АӨБ иштеген бардык мезгил ичинде өлкөдө 200дөн ашык долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи.


Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы 2022-2024-жылдарга кызматташуунун жаңы өлкө стратегиясын иштеп чыгуу маселелери да талкууланды. Министр кыргыз тараптын Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорго жана программаларга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярдыгын ырастады. 


Ал ошондой эле делегацияга жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык реформалар жана өлкөнү өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү улуттук программасын ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди.


Өз кезегинде А.Бахарудин мырза белгилегендей, Кыргызстанга болгон иш сапарынын максаты өлкөнүн жаңы стратегиясын иштеп чыгуу, ошондой эле өлкөдө ишке ашырылып жаткан долбоорлорго мониторинг жүргүзүү болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун төмөнкүдөй негизги багыттарын белгиледи: экономиканы диверсификациялоо, инфраструктураны өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү ж.б. 


Ошондой эле, А.Бахарудин мырза АӨБнын пандемиядан кийинки мезгилде экономиканы турукташтыруу, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарына өтүү алкагындагы жаңы демилгелери тууралуу маалымат берди.


Мындан тышкары, тараптар ишкердикти, өзгөчө кол өнөрчүлүктү жана аялдардын ишкердигин өнүктүрүүнү талкуулашты.


Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да арттырууну жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу