“Кыргызиндустриянын”башчысы: Кыргызстандын ишканаларын жандандыруу тууралуу

Новости
22-Март 2022-ж.
1964

Аз убакыт мурда түзүлгөн “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому Кыргызстандагы токтоп турган ишканаларды жандандыруу жана жаңы ишканаларды түзүү багытында иш алып барат. Бул акционердик коомдук уставдык капиталы 1 млрд. сомду түзөт.


Аталган ачык акционердик коомдун президенти Жарасул Абдураимовдун айтуусуна караганда, “Кыргызиндустриянын” иштөө принциби мындай: адегенде алар менен кызматташкан мекеме-ишканалардын болгон активин көз карандысыз баалоочулар менен баалап чыгышып, ишкана ээсинин үлүшүн аныкташат. Андан кийин муктаждыкка жараша “Кыргызиндустрия” өз салымын кошуп ишканага финансылык колдоо көрсөтөт. Анын кошкон салымы “Кыргызиндустрия” ААКнын үлүшү болуп саналат. 


Иштешип жаткан ишкана ирденип кеткен соң, “Кыргызиндустрия” өз үлүшүн ал ишканага келишим баада белгилүү бир мөөнөттүн ичинде сатып алууну сунуш кылат. Эгер ишкана сатып албай турган болсо, анда Кыргыз фондулук биржасы аркылуу сатыкка коюлуп, ким сатып алса да, ал ишкананын акционери болуп калат. “Кыргызиндустрия” өз каражатын ушинтип кайтарып алып, ал каражаттар дагы башка ишканаларды өнүктүрүү үчүн сарпталмакчы. 


“Кыргызиндустрия” ААКсы алгач тез арада иштеп кете турган өндүрүш ишканаларынан ишти баштоо алдында турат. Мисалы, Майлы-Суудагы электр лампочкаларын чыгара турган заводду мамлекет өзүнө кайтарып алып, аны “Кыргызиндустриянын” карамагына бере турганы белгилүү болду. “Кыргызиндустрия” учурда заводдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча бизнес планды иштеп чыгууда. 


Завод жаңы технологиялар менен энергия үнөмдөөчү лампочкалардын бир нече түрлөрүн чыгарып гана тим болбостон, башка айнек буюмдарын чыгарууну да колго алат. “Кыргызиндустрия” ишканага каражат салып, керектүү жабдуулар, шаймандар, технологиялар менен камсыз кылат.  Ошондой эле аталган ачык акционердик коом Бишкек менен Балыкчы шаарларында электромобилдер үчүн “ЭлектроТаксоПарк” түзүүнү да пландап жатат.


“Кыргызиндустрия” ААКсы учурда 30дан ашык бизнес долбоорду даярдады, алдыда дагы 130-140 бизнес долбоорду иштеп чыгуу пландалып жатат. Бул бизнес долбоорлордун бардыгы өлкөнүн чийки зат базасына, дагы башка бардык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен иштелип чыгат. Ишканалар үчүн керектүү жабдуулар, технологиялар алынып келинет.


Маалымат катары:

 “Кыргызиндустрия” ААКнын негизги максаты – импортту алмаштыруучу   товарларды чыгаруучу ишканаларды ишке киргизүү жана жумуш орундарын арбын түзүү болуп эсептелет. 




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу