КР ЭКМ башчысы соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү маселелерин ТМУ Аксакалдар Кеңешининн төрагасы менен болгон жолугушууда талкуулады

Новости
22-Март 2022-ж.
1930

2022-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түрк мамлекеттери уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Түркия парламентинин экс-спикери, Түркия Республикасынын Адилеттик жана өнүгүү башкаруучу партиясынын орун басары Бинали Йылдырым мырза менен жолугушту.


Тараптар ТМУ жана эки тараптуу кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында кызматташуунун кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле ТМУ жана Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фонду үчүн инвестициялык фондду түзүү маселелерин талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Тараптар соода жүгүртүүнүн динамикасын жогорулатуу, соода тоскоолдуктарын жөнөкөйлөтүү боюнча биргелешип иш алып баруу, электрондук коммерцияда кызматташууну өнүктүрүү боюнча максаттарды коюшту.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу