ТӨМ локалдаштыруунун алкагында КР Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, мамдминистрациялардын, шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрү үчүн тренингдер өткөрүлүүдө

Новости
18-Март 2022-ж.
2051

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ) менен биргеликте Туруктуу өнүктүрүү максаттарын аймактарда локалдаштыруунун алкагында аймактык башкаруунун индекси боюнча тренингдерди уюштурду.


Тренингдер 2022-жылдын 18-мартынан 25-мартына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт.


Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү үчүн тренинг 11-мартта Бишкектеги Инновациялык борбордо өткөрүлдү.


Ош шаарында 18-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өкүлдөрү үчүн тренинг өтүүдө.


25-мартта Каракол шаарында Ысык-Көл жана Нарын облустарынын өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрүлөт.


Семинардын максаты – региондук башкаруунун индексин, аймактык башкаруу индексинин индикаторлорунун топтомун, ошондой эле региондордо ТӨМ алдыга жылдыруу боюнча сунуштарды берүү.


Туруктуу өнүгүү максаттары аймактардын жашоо шарттарын жакшыртуу иштери менен тыгыз байланышта. Регионалдык башкаруунун индекси ТӨМ локалдаштыруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан жана жетишүү даражасын өлчөөгө, региондорду өнүктүрүү боюнча көрүлгөн чаралардын натыйжасында келип чыккан өзгөрүүлөргө баа берүүгө мүмкүндүк берет.


ТӨМгө жетишүү даражасын өлчөөчү индикаторлордун комплекси Кыргыз Республикасынын МЭКтин буйругу менен бекитилген жана андан ары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планына ылайык 2026-жылга карата региондордун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн индикаторлорунун мониторинг системасына интеграциялоо каралган.


Индекс талаа иштеринин аткарылышын өлчөйт. Эгерде “өз аймагындагы көчөдө жүргөндө өзүн коопсуз сезген адамдардын пайыздык” көрсөткүчү жакшырса, бул адамдар түн ичинде басуудан коркпой калышат, анткени көчөлөр жарыктандырылып, же башка жылыштар байкалат, бул болсо областтык жана жергиликтуу органдардын ишинин натыйжасы болуп саналат.


ТӨМдөрдү ишке ашыруу процессинин бардык этаптарында аймактарды өнүктүрүүгө кызыкдар болгон бардык тараптардын катышуусу зарыл.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу