КР Экономика жана коммерция министрлигинде Нооруз майрамына арналган салтанаттуу жыйын өттү

Новости
18-Март 2022-ж.
2103

2022-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинде келе жаткан Нооруз майрамына карата салтанаттуу жыйын болуп өттү.

Министр Данияр Амангелдиев министрликтин жана жеке өзүнүн атынан кесиптештерин жана жалпы мекендештерди келе жаткан Нооруз майрамы менен чын жүрөктөн куттуктады.

Ал белгилегендей, «ыйык Нооруз жазгы күн менен түндүн теңелүүсүнүн майрамы. Жаратылыш ойгонот, айланадагылардын баары кайра жаралып, жаңы мааниге толуп, жанга жаңы үмүттөрдү тартуулайт.

Элибиз Ноорузду ынтымактын майрамы катары кабыл алат, анткени ал бардык улуттарды достукка, биримдикке чакырат. Биз бул майрамды ар дайым бирге жана келечекке ак ниеттүүлүк менен белгилейбиз.

Бүгүнкү күндө биз башыбыздан өткөрүп, ишке ашырып жаткан өзгөрүүлөр, реформалар да өлкөнүн жаңылануусунун символу. Алар өлкөнүн экономикасындагы кайра жаралууга жана эффективдүү кайра түзүүгө түрткү берет деп ишенем.

Чогулгандардын баарына бакубатчылык, жемиштүү иш, кесиптик ийгиликтерди, туруктуулукту жана бакубатчылыкты, жаңы горизонтторду, ошондой эле алдыга коюлган максаттарга мындан ары да жетүүнү чын дилимден каалайм.

Ата-бабаларыбыздан калган бул улуу майрам Кыргызстанга түбөлүк тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү тартууласын!», - деп сөзүн жыйынтыктады министр.

Чоң коллективди өз атынан «Кыргызиндустрия» ААКнын президенти Жарасул Абдураимов келе жаткан жаз майрамы менен куттуктады. -Нооруз тынчтык менен ынтымактын, жаркын келечекке болгон жалпы ишенимдин майрамы. Баарына чын дилимден ден соолук, бакубатчылык, биримдик жана бакубатчылык каалайм, -деп сөзүн аяктады.

Андан соң сыйлык тапшыруу аземи өттү

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу