КР Экономика жана коммерция министри Д.Амангелдиев Эфиопия элчиси менен жолугушууда ишкер чөйрөлөрдүн өкүлдөрү менен бизнес жолугушууларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Новости
16-Март 2022-ж.
2066

2022-жылдын 16-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Эфиопиянын Федеративдик Демократиялык Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Адем Мохамед Махмуд мырза менен жолугушту.


Тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен бизнес жолугушууларды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.


Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода, инфраструктура, транспорт жана логистика тармагында эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу