Экономика министрлиги аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Новости
13-Февраль 2014-ж.
2492

Бүгүн 14-февралда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин чоң залында республиканын региондорундагы ишкер аялдарга жардам кѳрсѳтүү максатында лизинг продуктуларын алууга багытталган “Лизинг – бейтааныш тааныш” темасында тренинг ѳткѳрдү.

Бул иш чаралардын алкагында, бизнести өнүктүрүү үчүн лизинг продуктуларын алууга ишкер аялдардын билиминин жана даярдыгынын деңгээлин кѳтѳрүү пландалып жатат.

Тренингдин милдети болуп ишкер аялдарга лизингти жѳнгѳ салган негизги жоболор, лизинг продуктусунун спецификасы, Кыргызстандын лизинг рыногунун абалы, лизингдин катышуучуларынын ролу ж.б менен тааныштыруу саналат.
Бул тренинг 25тен ашык ишкер аялдардын катышуусу менен болуп өттү.

Мындан сырткары, азыркы убакта ишкер аялдардын ишин ѳнүктүрүүгѳ министрлик ѳзгѳчѳ маани берет. Бул “Аялдардын ишкердүүлүгүн ѳнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу алкагында, ушундай тренингдерди Ош шаарында жана ѳлкѳнүн башка областарында ѳткѳрүү пландалып жатат.

"IMG

"IMG

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу